Атамбаев Кыргызстандагы 2 төңкөрүштүн лидери болгонун жар салды

0

Каганат.

Бүгүн “Ала-Арча” резиденциясындагы маалымат жыйынында президент Алмазбек Атамбаев Орусия президенти Владимир Путин менен алдыдагы болчу президенттик шайлоо тууралуу сүйлөшпөгөнүн айтып актанды.

Атамбаев Путин бул боюнча эч кандай суроо бербегенин билдирди.

2005-жылы Ак үйдү алгандар, 2010-жылкы митингчилер дагы анын “Форумдагы” кеңсесинин жанында чогулганын айтып оозун чойгон Атамбаев эми эч кандай төңкөрүш болбой турганын билдирди.

Өлкөдө төңкөрүштөргө чекит коюлганын айткан Атамбаев бийликке келүүнү каалагандар төңкөрүш жасап Ак үйгө асылбай, шайлоого катышышы керектигин билдирди.

[latest-selected-content limit=”1″ type=”post” display=”title” image=”medium” url=”yes” elements=”3″ css=”left” dtag=”yes” id=”91690″ status=”publish” orderby=”dateD”]

Өз кезегинде Владимир Путин Кыргызстандын ички саясий иштерине кийлигишпей турганын айтты.

“Биз эч качан кийлигишпейбиз. Мен Атамбаевди колдойм. Бийликти өткөрүп берүү стабилдүү болуусу керек”,-деди Путин.

Ошондой эле ажо Кыргызстанда болгон эки төңкөрүштүн лидери өзү болгонун жар салды.

Эгерде кимдир бирөө Кыргыз мамлекетинде үчүнчү революцияны жасоого ниеттенип жатса эскертким келет. Эки революциянын тең лидери мен болгом. 2005-жылдагы жана 2010-жылдагы ыңкылаптарда Атамбаевдин салымы бар. Эгер үчүнчү революция болсо, аны мен жасабайм. Революцияга чекит коюлду  -деди Атамбаев.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

18 + 20 =