Депутаттар тобу Коргоо кеӊешинин аталышын Коопсуздук кеӊешине өзгөртүү демилгесин көтөрдү

0

Каганат.

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети Коргоо кеӊешинин аталышын кайрадан тактоого багытталган мыйзам долбоорун жактырып, парламенттин кароосуна экинчи окууда чыгаруу чечими кабыл алынды. Демилгечилер – депутаттар И.Өмүркулов, Т.Зулпукаров, Ө.Бабанов, М.Жеенчороев, Б.Ибраимжанов, Б.Сыдыков, А.Баатырбеков, Т.Конушбаев, А.Токторов, А.Турсунбаев.

Демилгечилердин бири депутат Иса Өмүркулов эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен, Коргоо кеӊешинин аталышын кайра тактап, аны мурдагыдай эле Коопсуздук кеӊешине алмаштыруу зарылдыгы келип чыкканын, ал үчүн коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилип жатканын белгиледи. «Жакында Конституцияга бир катар түзөтүүлөр, анын ичинде Коргоо кеӊешине байланыштуу өзгөртүү да киргизилди. Ошондон улам, бир катар мыйзамдар Башмыйзамга ылайык келтирилүүдө», – деп, ал депутаттарды сунушталган мыйзам долбоорлорун колдоп берүүгө чакырды.

Андан сырткары, ушундай эле максатта иштелип чыккан «Согуштук абал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору да экинчи окууда жактырылды.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он алты + он жети =