Каганаттан саресеп: Ала-Тоодо Атамбаев мактанууда, ааламда эмне кеп?

0

Каганат.

Бүгүнкү күндүн маанилүү жаңылыктарынын бири Орусиянын президенти Владимир Путин Борбор Азия өлкөлөрүнө болгон сапарынын алкагында Кыргызстанга келиши болду. Путинди «Манас» аэропортунан премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Андан соң ал президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-орусия мамилелеринин бүтүндөй комплекси, ар кайсы чөйрөлөрдөгү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү жана эки тараптуу мамилелерди мындан ары карай өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.

“Россия үчүн Кыргызстан маанилүү стратегиялык шериктеш бойдон калат. Мамилелер сапаттуу өзгөрдү. Бүгүн баардык багыттар боюнча сүйлөшүү мүмкүндүгү болот”,-деди Путин.

[latest-selected-content limit=”1″ type=”post” display=”title” image=”medium” url=”yes” elements=”3″ css=”left” dtag=”yes” id=”91680″ status=”publish” orderby=”dateD”]

Ошондой эле ал массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө маалымат жыйынын уюштуруп, бир топ суроолорго жооп берди. Анын жүрүшүндө Владимир Путин Канттагы Орусиянын авиабазасы тууралуу суроого жооп берди. Орусия ажосу Орусиянын Кыргызстандагы куралдуу күчтөрү кыргыз мамлекетинин коопсуздугун коргоо максатын көздөрүн билдирди. Кыргызстан кайсы күнү аскердик күчүн бекемдеп алганын айтса, ошол күнү авиабаза ишин токтоторун кошумчалады ал.

Бул күнү Атамбаев адатынча бир топ арманын төгүп алды. Ал бир туруп актанса, бир туруп мактанып жатты.

Саясий оппонентин камакка алуу менен Атамбаевдин командасы көптөн күттүргөн мураскерин алып чыкканы калды көрүнөт. Себеби, Ак үйдөгү “жер тыңшар Мамыттарга” ишенсек жакынкы арада бийликтин бир нече саясий сценарийлеринин негизинде  бир топ алмашуулар болот. Бул кадрдык алмашуулар албетте президенттик шайлоонун жакындап калганына байланыштуу экени талашсыз. Кимдер кайсы кызматка келери болжолдонуп жатканы бул жакта.

[latest-selected-content limit=”1″ type=”post” display=”title” image=”medium” url=”yes” elements=”3″ css=”left” dtag=”yes” id=”91568″ status=”publish” orderby=”dateD”]

Күндүн дагы бир маанилүү жаңылыгы “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге байланыштуу болду. Анын 2 айга камакка алынганына нааразы болгон тарапташтары УКМКнын алдына митинг өткөрүштү. Ага 200гө чукул адам келип, алардын арасын депутаттар Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов, Каныбек Иманалиев жана Садык Шер-Нияз толукташты. Ошондой эле экс-депутаттар Эркингүл Иманкожоева, Асия Сасыкбаева дагы митингчилер менен бирге болушуп, сөз сүйлөштү.

Базар-Коргон районунда болсо Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары Ош-Бишкек жолунун боюнда чогулушту. Нааразычылык акциясынын катышуучулары жол тосконго чейин барышарын билдиришип, Текебаевдин боштондукка чыгуусун талап кылышты.

Лидери камакта жаткандыктан «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов лидердин милдетин аткаруучу болду.

Муну менен эле митингдер токтоп калган жок.

Жол чырактын кызыл жанганына карабай өтүп барып бир адамдын өмүрүн алганы аз келгенсип маркумдун жакындарынан кечирим сурап, ага куран түшүрүп койбогон орус дипломатынын кылыгы коомчулукту катуу кыжырдантты. Буга нааразы болгон укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына нааразычылык акциясын өткөрүү үчүн барган. Аны ал жерден дароо милиция кызматкерлери кармап кетишкен.

Ал эми Кадамжай районунун Пүлгөн айылында да 50гө чукул адам митингге чыкты. Алар жүк ташуучу унаалардын Көк-Талаа-Пүлгөн тилкеси аркылуу өтүүсүнө тыюу салууну талап кылышты. Жергиликтүү калктын мындай нааразычылык акциясына чыгуусуна акыркы убактарда жүк ташуучу унаалардын катышуусундагы жол кырсыктарынын көбөйгөнү себеп болгон.

[latest-selected-content limit=”1″ type=”post” display=”title” image=”medium” url=”yes” elements=”3″ css=”left” dtag=”yes” id=”91454″ status=”publish” orderby=”dateD”]

Кырсык демекчи Кыргызстанда кырсык болгон учурда биринчилерден болуп жардам көрсөтө турган Өзгөчө Кырдаалдар министрлигинде бир туруп иштеп бир туруп иштебеген бир жалгыз тик учагы бар. Аталган кызматтын министри Кубатбек Боронов дал ошол көзгө басаар учак оңдоого муктаж  экендигин жар салды. Ал үчүн 1,5 миллион АКШ доллары керек экендигин билдирген. Ал эми KAGANAT.KG сайты тик учактардын баасын билип көрүп, 2001-жылы жасалган МИ 17 тик учагынын баасы 3,7 миллион АКШ доллары турарынан кабардар болду. Албетте оңдотууга кеткен каражаттан эки эсе  каражат менен жаңы тик учак сатып алуу мүмкүнчүлүгү бар. Дал ушундан улам ӨКМдин өзүн оңдош керекпи же тик учагын оңдош керекпи деген суроо туулбай койбойт.

Бүгүн дагы бир министрликтин акылсыз иши кыжырдануу жаратты. Билим берүү министрлиги үчүн мектептер бүтүп жогорку окуу жайларга тиешелүү имараттарды бүлдүрүп жоюуга бел байлаган окшойт. Тактап айтканда Кыргызстандагы бирден бир айыл чарба тармагынын адистерин даярдаган Скрябин атындагы айыл чарба университетинин  карамагындагы илимий эксперименттерди жүргүзө турган нарын облусундагы “Кочкор” жана Ош облусундагы “Көк Бел” заводдорун жоюуну сунуштоодо. Билим берүү министрлиги дал ушул тармакты тескерисинче жандандырып, бирин-экин мал жандык алуу менен ишке киргизип койсо, анын эмнеси жаман.

Бул күнү депутат Осмонбек Артыкбаев ойго келбеген нерсени айтты. Ал депутат керээли кечке жыйындар залы менен кеңсесинде отурууга тийиш эмес деп билдирди. Эл өкүлүнүн айтымында Жогорку Кеңештин депутаты элдерди кабыл алуу, жолугушуу, же башка жыйындарга баруусуна туура келет деген сөзүн депутат Асель Кодуранова дагы колдоду. Качан эле Жогорку Кеңеш жыйында телегейи тегиз катышып келе жатышат. Же спикер 10 чакты депутат менен жыйын өткөргөн учурларын көрө элекпи. Элдин камын, элге пайдалуу маселелерди эмес өз көмөчүнө күл тарткан Артыкбаев андан көрө дары-дармегин сатып каалагандай сайрандап жүрө берсе болмок.

Ал эми Кыргызстанда башка өлкөлөрдөн айырмаланып “паспорт магнат” деген ишкерлердин тобу бар экени баарына маалым. Мына дал ушундай Паспорт магнаттардын алдында  “Дим Димыч” деген каймана ат менен белгилүү Дмитрий Цой деген бар. Арамдан табылган нерсе акыры жукпайт дегендей дал ошол үйү өрттөнүп кеткендиги тууралуу маалымат тарады. Кененирээк бул жактан окуңуз.

[latest-selected-content limit=”1″ type=”post” display=”title” image=”medium” url=”yes” elements=”3″ css=”left” dtag=”yes” id=”91627″ status=”publish” orderby=”dateD”]

Бүгүн көңүл жылыткан кабарлар дагы болбой койгон жок. Алардын бири паспортту 3 саатта даярдоо мүмкүнчүлүгү. Бишкекте документтер 3 саатта, Чүй облусунда 8 саатта даяр болот. Ал үчүн жарандар “Паспорт” автоматташкан системага арыз жөнөтүү керек. Ошондой эле бир нече саатта паспорт алуунун баасы бланк сыяктуу эсепти албаганда – Айди картаныкы 4 миң 455 сом, чет элдик паспорттуку 5 миң 165 сомду түзөт.

Ал эми жан дүйнөңө азык тартуулап, ыры менен кошо жашап, кээде жашоону жек көрүп, кээде сүйүп айтор бир башкача ойго чумкуткан, кыздар поэзиясында өз жолу, өз үнү бар  акын кыздардын бири Нарсулуу Гургубаева менен болгон маек бул жакта.

Дагы бир жакшы жаңылык Кыргызстанда спортчуларга стипендия берүүгө 12 миллион сом каралганы болду. Маңдай терлери менен мамлекетке даңк алып келген спортчуларга стипендяилар берилет экен. Маалым болгондой,  мамлекет тарабынан каражат алуу боюнча тизмеде 256  спортчу  бар. 45 миң сом көлөмүндөгү эң чоң стипендияны 7 спортчу алат.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

11 + жети =