Нарсулуу Гургубаева, акын: “Мен дүйнөнү калбаш үчүн жек көрүп, Сен аман бол, жүрөктөгү бир адам!”

1

Каганат.

Жан дүйнөңө азык тартуулап, ыры менен кошо жашап, кээде жашоону жек көрүп, кээде сүйүп айтор бир башкача ойго чумкуткан, кыздар поэзиясында өз жолу, өз үнү бар  акын кыздардын бири Нарсулуу Гургубаева менен болгон маек.

-Ырыңызда айткандай “жашап болбос калаадагы” жагдайыңыз кандай? 2017-жылдагы ой-максаттарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз?

-Эл агымы менен жашап болбос калаада жашап жатам. Көнүп деле бүттүм окшойт. Эң башкысы ар бурчтан кыргыздар тууралуу жаман кабар чыкпаса эле жашоого болот. Негедир план түзүп жашаган адам эмесмин. Чоң планым деле жок. Башкысы аманчылык болсо буюрса жаңы ырларды жазам деген ниетим бар.

-“Сүйүүнүн өгөй кызы…” үчүн сүйүү деген эмне?

-Ал ыр 21, 22 жашымда жазылган ыр. Жаш өткөн сайын сүйүүгө болгон көз караш өзгөрөт экен. 15 жыл мурун сүйүүнүн өгөй кызымын деп эсептесем азыр такыр башкача.

Сүйүү мен үчүн жашоого болгон стимул. Ким үчүн, эмне үчүн жашап жатканымды билем, дүйнөдө болуп жаткан нерсенин баарын сүйүү аркылуу кабыл алып калдым. Кандай азап, кандай кыйынчылык бербесин сүйө алгандын өзү чоң бакыт.

-Ыр кечеңизде адабиятчы Гүлзада Станалиева ырларыңызда “жол” деген сөз көп колдонулаарын баса белгилеп айтты эле. Ырыңыз менен жолдун кандай байланышы бар?

[latest-selected-content limit=”1″ type=”post” display=”title” image=”medium” url=”yes” elements=”3″ css=”left” dtag=”yes” id=”74624″ status=”publish” orderby=”dateD”]

-Гүлзада эженин менин ырларымда жол деген сөз көп колдонулаары жөнүндө айтканы мен үчүн чоң жаңылык болду. Ар бир ырда жол тууралуу жазып жатканымды билчүмүн бирок жалпы карап көрбөптүрмүн. Өзүнүн үйүндө жашабаган адам өзүн жолдо сезип калат экен. Ушул сөздөр кооз сөздор катары угулушу мүмкүн, бирок мен өзүмдү издеп жолго чыккан адаммын.

Азыр деле өзүмдү жолдогу адам катары сезем. Качан менде өзүмдү тапканга окшош сезим пайда болгондо темам өзгөрүшү мүмкүн, жол тууралуу жазбай калаттырмын. Бирок ага ырларымда чейин  жол тууралуу окуялар, баяндар, жолдор кездешиши мүмкүн.

-Орус акындарына таасирленгендей элес калтырасыз. Алардын кулк-мүнөзүн өзүмө сиңирип алам деп коркпойсузбу? Кантсе да алардын ой-жүгүртүүсү, дини башка да.

-Бирөөдөн бир нерсени сиңирип алуу кыйын. Адамда дээринде , тарбиясында, балалыгында көргөн нерсе баары бир калат. Менимче менин ырларымда жеке жашоом, турмушум, тагдырым, көргөнүм, өз журөгүм менен кабыл алганым гана бар.

А акындар бул жол көрсөткүч, дүйнөнү башка бирөөлөрдун көзү менен көрүүгө шарт түзүп турушат. Эгер таасир алган болсом анда баары бир кыргыз акындарынан гана алган таасир болот.

-“…Күткөнүбүз үчүн балким экөөлөп, бүгүн, эне, мен бакытты жек көрөм” деген сабыңыз бар. Бакытты жек көрүү мүмкүнбү?

[latest-selected-content limit=”1″ type=”post” display=”title” image=”medium” url=”yes” elements=”3″ css=”left” dtag=”yes” id=”71433″ status=”publish” orderby=”dateD”]

-Ыр деген эмоция, жүрөктүн иши. Күткөн бакыт келбегендиги үчүн кайсы бир учурда жек көрүп кеткендирмин. бирок бакытты жек көргөн адам жок болуш керек.

-Акын ыр жазуу үчүн өзүн табыш керекпи же ырлары анын кандай экенин айтып туруш керекпи?

-Жыргалбек Касаболотовдун “акын кандай болсо ырлары дагы ошондой” деген жакшы сөзү бар. Аны сыңары адам өзүн таппаса дагы өзүнүн жолун табыш керек. Акындын кандай экенин ырлары айтып туруш керек. Бизде өзү тууралуу ырлары сүйлөгөн акындар аз. Мисалы, куру кыйкырык менен жазылган ырлар көп.

Эгер  бир ырдан бир нече адам өзүн тапса, көрсө, акындын ыры көпчүлүктүн атынан сүйлөп турса анда ал чыныгы ыр.

Жашоодо сиз үчүн эмне маанилүү?

Жашоонун өзү маанилүү.

Күн ойгонот сен жашаган тараптан,

Мен тарапта Күн өлөт да, Күн өчөт.

Билем, сенде Күндү тосмой адат бар,

Мени Күндүн батпаганы жүдөтөт.

Чыгыш… Батыш… Аралыгы бир кылым,

Менин дүйнөм тең экиге бөлүндү…

Мен Кудайга салып турсам сыртымы,

Не Кудайдай жалгыз болуп көрүндүн?

Не жолуктуң күүгүм талаш кеч күздө,

Не төгүлдүң жамгыр кары аралаш?!

…Бул дүйнөнү бөлбөй жашайт эстүүлөр,

Тегиз дүйнө теңсиздиктен жаралат…

…Бар экенсиң мен жашаган дүйнөдө,

Кечим менин, кечиккеним бир өмүр.

Кечир мени, сен тазарган күнөөдөн,

Менин кошо тазарганым күнөөдүр…

Жаратканга салып тургам сыртымы,

Жараткандай жалгыз болуп көрүндүң…

***

Алданбаган, калдаңдаган кар дүйнө!

Сенин жолуң татаал дагы, муздактыр…

Күнүм болуп, сүйүүм болуп жанды эле,

Күйүт болду күлмүңдөгөн бир жакшы.

Күйүт болду… Кетти анан… Жөн кетти,

Айтпай кетти себебин да, шартын да.

Дагы алдыда мен сөз күтчү жол көптүр,

Бирок, билем – жок сөз гана айтылбайт.

Мен да унчукпай кеттим. Жолдо көп көрдүм:

Жолдогулар кылчактабайт, кайрылбайт!

Кеткен жолум көңүлүмө төп келди,

Кеткен жанды күттүм, бирок, ай-жылдап…

…Арман тагдыр, кайран тагдыр чектелүү,

Арманыма, жалганыма чыдаган…

Мен дүйнөнү калбаш үчүн жек көрүп,

Сен аман бол, жүрөктөгү бир адам!

Аман болгун жүрөктөгү бир Аалам…

**

Кантип жашап жаттың экен, жаралуум,

Карайлаган, кар айланган күндөрдү?!

Жазыла элек жалгыз ырың санаалуу,

Жарыттыбы, карыттыбы дүйнөңдү?

Канттиң экен?! Балким көөнүң чыйрыкты –

Кыштан эмес, адамдардан көбүрөөк.

Бир калчанган, бир жалтанган жыл бүттү,

Өмүр шунтип ойду-келди төгүлөт…

Канттиң экен? Мен чарчадым ызгаардан,

Күкүктөгөн өз үнүмдөн чарчадым.

Жалган жомок күткөн жандар бул шаарда,

Жаңы жылга жасалгалап арчасын,

Шөкөттөштү… Үй, көчөсүн, муң-зарын,

Шөкөттөштү, аяр, кооомай, сыртынан…

…Өчөт жарык, өчөт баары бир жанып,

Менин жолум бир бороон да, бир туман!…

Кантип жашап жаттың экен,жаралуум,

Карайлаган, кар айланган күндөрдү?!

Жазыла элек ырың ээлеп санаанды,

Жарытты же карытты го дүйнөңдү…

Булак: Каганат.

 

Бөлүшүү:

1 комментарий

Пикир

үч × 3 =