Путин Кыргызстан айткан күнү Канттагы авиабазадан орус аскерлери чыгып кетерин айтты

0

Каганат.

Владимир Путин бүгүн Кыргызстандагы иш сапарынын алкагында маалымат жыйынын берип жатып Канттагы Орусиянын авиабазасы тууралуу суроого жооп берди.

Ал Орусиянын Кыргызстандагы куралдуу күчтөрү кыргыз мамлекетинин коопсуздугун коргоо максатын көздөрүн билдирди.

“Билбегендерге эскертип коеюн, Кант шаарындагы биздин авиабазабыз 1999-2000-жылдары Кыргызстандын жетекчилигинин өтүнүчү боюнча ачылган. Ал учурда Кыргызстан Афганистандан келген эл аралык террорчулардын кол салуусуна кабылган. Эгер Кыргызстан өз аскер күчүн бекемдеп алганын билдирсе ошол күнү чыгып кетебиз”, -деди Путин.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

14 − 12 =