Шаар тургундары эми көчөлөрдөн бирдик жүктөй алышпайт

Каганат.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, шаар тургундары эми көчөлөрдөн бирдик жүктөй алышпайт.

Маалым болгондой, Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери Ленин райондук администрациясы менен биргеликте “Кыртелсат” ЖЧКсынын мобилдик төлөмдөрдү кабыл алуу күркөлөрүн алуу иштерин жүргүзүштү.  

Ошондой эле алуу иштери “Жогорку Жал” к/районунда, Манас проспектиси – Токтогул көчөсү, Чүй проспектиси 184 “б” – Жаш Гвардия бульвары, Гагарин – Бах көчөлөрү, Калык Акиев – Киев көчөлөрү, Москва – Жаш Гвардия бульвары, Токтогул – К.Акиев көчөлөрү, Фере-Манас, Л.Толстой – Термечиков жана Ахунбаев-Малдыбаев көчөлөрүндө жүргүзүлүүдө.

Учурда жалпысынан 9 төлөм кабыл алуучу күркө алынды. Аталган иштер ижара мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу өткөрүлүүдө.

Жакын арада тиешелүү уруксат документтери жок, мыйзамсыз орнотулган объектилер алынат.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

1 × 4 =