Тарых тактасында: Насирдин Исанов жана анын табышмактуу өлүмү

9

Каганат.

Кыргызстандын туңгуч премьер-министринин өмүр таржымаалы

Насирдин Исанов Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк-Бел айылында 1943-жылдын 7-ноябрында туулган. 1960-жылы Москвадагы В.Куйбышев атындагы Инженердик-курулуш институтуна тапшырган. Эмгек жолун Москва шаарындагы Мосжилстрой трестинде жумушчу болуп баштаган. 6 жылдан соң 1966-жылы институтту аяктап, мекенине кайткан.

1970-жылы Ош шаарынын Курулуш-монтаждоо башкармалыгында мастер, прораб, аймактын башчысы болуп иштеген. Кийинчерээк башкы инженер, тресттин башкы технологу, партиянын Ош обкомунун курулуш бөлүмүнүн инструктору болуп эмгектенген. Андан соң “Нарынгидрострой” курулуш башкармалыгынын парткомунун катчысы болуп дайындалган. Өзүнүн жөндөмдүүлүгүн көрсөткөн Исанов 1974-жылы комсомолдун Ош обкомунун биринчи катчысы болуп иштеген.

1976-жылы Алма-Ата жогорку партия мектебин бүтүрүп, андан соң Кыргыз компартиясынын борбордук комитетинин курулуш жана шаар чарбасынын бөлүм башчысынын орун басары болгон.

РСФСРдин министрлер кеңешинин төрагасы Иван Силаев менен Кыргызстандын премьер-министри Насирдин Исанов финансылык макулдашууга кол коюп жаткан учуру

1983-жылы Кыргыз ССРинин курулуш министри болууга жетишкен. 1989-жылы Кыргыз ССРинин курулуш комитетинин Мамлекеттик төрагасынын биринчи орун басары – Кыргыз ССРинин министри болуп, 1990-жылы экономика илимдеринин кандидаты наамын алган.

Ушул эле жылдын декабрь айында  Кыргыз Республикасынын вице-президент кызматын ээлеген.

1991-жылдын январь айынан тартып Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп дайындалган. Бирок бул кызматта ал көпкө иштеген эмес, 311 күн Премьер-министр кызматын аркалаган соң 48 жаш курагында 1991-жылдын 29-ноябрында автокырсыктан каза болгон.

Насирдин Исановдун табышмактуу өлүмү

Н.Исанов  1990-жылы президенттикке талапкер болгон, бирок бул кызматка ат салышууда Аскар Акаев озуп кетип, ал бул шайлоодон кийин Кыргыз Республикасынын алгачкы премьер-министри болуп дайындалган. Бирок, Насирдин Исанович бул кызматта болгону 311 күн гана иштеген. Тактап айтканда 1991-жылдын 29-ноябрь күнү түштүк тарапка чет элдик фирма башчылары менен жол тартып баратып Ош-Жалалабад жолунан ЗИЛ-130 машинасы менен кагышып жарык дүйнө менен кош айтышкан.

Биринчи унаанын айдоочусунун колу сынып, көкүрөк клеткалары жаракат алса, Исанов менен бирге бара жаткан Борис Бирштейн жеңил гана жаракат алган.

Ал эми дарыгерлер Насирдин Исанов, унаалар сүзүшкөн соң бир нече мүнөттөрдөн кийин эле жан берген деп тыянак чыгарышкан.

Бирок, ошол авария болгон учурда “Волга” машинасында бир топ адамдар болгонуна карабай жалгыз Насирдин Исанов гана өлүм тапканы бүгүнгө чейин табышмак.

Бул тууралуу маркумдун жубайы Бүзинат Исанова, чет элдик ишкерлер Насирдин Исанов Кыргызстандан чыккан алтындарды өзүбүздүн эле заводдордо иштетебиз дегенден кийин, ошол заводдорду көрмөй болуп Кыргызстанга келишкенин, аларды ал жакка Насирдин Исанов эмес Фишер деген өкмөттө иштеген курулушчу алып барып, көрсөтүп келиши керек болгонун айтат.

Насирдин Исанов үй бүлөсү менен

Бирок, тагдырдын буйругубу, ким билсин, айтор ошол күнү Фишер ооруп калып, Аскар Акаев эрте менен “Бул чоң компания экен, өзүңүз эле алып барып көрсөтүп келбейсизби” дегенинен  Насирдин Исанов ооруп атканына карабай сапарга чыккан.

-Бул биздин үй-бүлө үчүн күтүлбөгөн нерсе болду. Өлтүрүп коюшат деп үч уктасам түшүмө кирчү эмес. Бомбаны алып келип эле менин үйүмдүн үстүнө таштап койгондой болду. Өзү деле адам баласы ушунчалык мыкаачылыкка барарын ойлобосо керек, билгенде балким этият болуп жүрөт беле… Кумтөрдүн алтыны эле Насирдинди жеп койду.

Окуя болгон жер, автокырсык болуп кете турган деле жер эмес экен. Адегенде кырсык болду деген жерди барып көргөнгө дитим барбай жүрдү, жарга окшогон жер болсо керек да деп элестетип койчумун

Жолдошунун табышмактуу өлүмүнөн кийин, Насирдин Исановдун денесин машинеден сүйрөп жерге коюп жатканын, капысынан уюн жетелеп өтүп баратып көрүп калган кемпирге 20 жылды карытып, жолукканын эскерет.

-Ачыгын айткандан коркуп, жүрөгү түшөт. Заман алмашты, 20 жыл өттү, айта бериңиз десек, “кой айланайын, менин да бала-чакам, неберелерим тынч жашасын” деп атып араң четин чыгарды.

Көрсө окуя ошол кемпирдин короосунун четинде болуптур. Астынан чыкты деген ЗИЛ деле болбоптур. Капысынан чыгып калат деген жол алысыраак экен. Уюн жетелеп баратса машинеден сүйрөп чыгарып атышкан экен, и-ий, суйкайган жакшынакай жигит экен го, ким болду экен дептир эч жаман ою жок. Машинеден бирөө “эже, бара бериңиз, киришпей” деп айтыптыр. Ары жакка барып карап туруптур. Сүйрөп чыгарышканына караганда машинеде эле мойнун толгоппу, тынчытып коюшкан да. Муну эми бир билсе айдоочу бала билет, эгер тирүү болсо.

Бирок, ал айдоочунун артынан деле түшпөгөндүктөрүн, кийин түрмөгө отурду дешкенинен, Насирдин Исановдун  бир тууган иниси абакка издеп барса, түрмөдө да жок болуп чыкканын айтат Бүзинат Исанова.

Насирдин Исанов

Жайкы чөп чабуу учурунда

Кандай болбосун кыргыздын бир мекенчил уулунун өлүмү, эгер ошол айдоочу тирүү болсо бул анын абийиринде. Бул күн тууралуу баары унутуп калышты, бирок менин суроолорум жоопсуз калууда дейт ал.

-Эмнеге унаада чогуу кетип бара жаткан 4 адамдын денесинде эч кандай жаракаттар жок дагы Насирдин каза болуп калды?! Бул күн тууралуу баары унутуп калышты, бирок менин суроолорум жоопсуз калууда. Насирдинди ким, кантип өлтүрдү деген суроо мени тынч алдырбай келет. Анткени арткы орунда Бирнштейн жана Насирдин, алдыңкы орунда айдоочу жана жан сакчы отуруптур…

Мага көбү эле эч кандай унаалар сүзүшпөй эле Насирдинди муунтуп өлтүрүшкөнүн, андан ары баары сценарий менен болгонун айтышты. Анын акыркы мүнөттөрү тууралуу ар ким ар кандай айтып жүрүштү. Бири ал ооруканада каза болду десе, экинчиси ошол жерден дароо жан берген дешти. Бирок анын эки кесиптеши кырсык болгон жерге дароо барышканын билем.

Алар белгилүү кишилер. Алар ошол күндүн сырын билишет болуш керек. Кызыгы, кырсык болгондон кийин ал эки адам мага бир да жолу басып келишкен жок жана мен алардан бир да жолу ал күн тууралуу сурай алган жокмун.

Бирок Кудай бар, кезигүүчү күн келсе керек. Акыркы сапарга узатуу зыйнатында Насирдиндин мойнунан кулагына чейин издер бар экенин көргөм. “Алар аны эмне кылышты?”-деп кыйкыра баштаганымда мени аялдар алып кетишти. Сөөктү алып чыгып бара жатышканда ал издер жоголуп калыптыр.

Бүзинат апа жолдошу каза болгондон кийин 3 күн өткон соң президент Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаева резиденцияны бошотууну талап кылганын массалык маалымат каражаттарына маек берип жатып эскерип кеткен. Анда,

-Бир жолу Аскар Акаевич Майрам менен бирге биздикине конокко келишти. Биз чай ичип отурганда алар маанилүү саясий темада сүйлөшүп отурушту. Мен көбүнчө тамак-аш даярдап жүрүп алардын сөзүнө деле көп маани бербептирмин.

Анан Насирдин Майрам Акаевага: “Сиз бизди өзүнчө калтырып, өзүңүздүн иштериңиз менен алек болсоңуз” дегенин угуп калдым. Ошол жерден Майрам дароо тура калып: “тур, кеттик” деди. Аскар Акаевич жумшак киши болчу, ал бир дагы сөз айтпастан Майрамдын артынан жөнөдү. “Силерге эмне болду. Тамак бышты” деп эле аларды узатып кала бердим. Насирдин дагы жинденип кала берди. Ал дайыма бетке айтчу. Майрамдын бизге кылган мамилесин эч качан унутпайм. Насирдиндин жетилигин дагы өткөрө элек болчубуз, ал болсо бизден резиденцияны бошотууну талап кылды. Болгону 3 күн болгон. Балким ал бизди дайыма ал жерде калып калат деп корккон”,- деген Бүзинат апа.

Ошондой эле маркумдун жубайы качандыр бир кезде Акаевдер менен жолугуп калса жолдошунун өлүмү боюнча сурарын айтат.

– Карыганда болсо деле бир жолугуп калсак сурап алам го, Майрамынан деле, Аскарынан деле.

 Кудайдын бар экени чын болсо, бул иштин бетин ачкан бирөө табылар. Кумтөр маселеси козголду дегенде эле кызыгуу менен карайм. Ар бир түзүлгөн комиссиянын курамын карайм. Мен үчүн жашоонун деле кызыгы жок болуп, он сегиз жылдай мен өзүмө келе албай жүрдүм.

Эгерде ошол кезде артымда таянар күчүм болгондо башкача болмок деп калам. Бир жагынан бала-чакаңды ойлойт экенсиң, саясый кырдаал башка, азыркыдай ачык айтып чыга да албайсың. Унчуга албай эле отуруп калдым. Көп нерселер табышмак болуп калды. Кочкор-Атада кайсы врачтар жыйынтык жазып беришкенин да билбей калдык. Насирдин өлгөндөн кийин тез-тез эле прокуратурадан, тияк-бияктан кол койдуруп кетишти. Ишти батыраак жапканга аракет кылышса керек.

Санжар Айтматов табышмактуу өлүмдүн сырдуу күбөсүбү?

Айрым басылмалардын жазгандарына караганда Насирдин Исановдун өлүмү болгон учурда Бирнштейн күтүүсүз өз мекенине Анжиян аркылуу учуп кеткен. Бир канча убакыт Исановдун жанында кайсыл бир алтын боюнча долбоорлор боюнча иш алып барууну көздөп жүргөн Санжар Айтматов да, кырсык учурунда Насирдин Исановдун жанында болгон менен анын чыпалагы да сынбай тескерисинче улуу адамдын аза күтүү күнү ал да Анжиян, Ташкент аркылуу Москва тарапка сапар алган.

Насирдин Исанов

Аскердик кезден көз ирмем

Үй-бүлөсү үчүн да, коомчулук үчүн да бүгүнкү күнгө чейин түшүнүксүз абалды жаратып келген, кыргыздын мекенчил уулунун табышмактуу өлүмүнүн күбөсү болгон Санжар Айтматов тууралуу Бүзинат апа мындайча эскерет.

-Швейцариядан кол коюлбай калганда Санжар Айтматов биздин үйдөн чыкпай калган. Эртең менен тамагыбыз да, түшкү тамагыбыз да, кечки тамагыбыз да Санжарсыз өтпөй калган. Көрсө, ошол маселелерин чече албай атышкан го…

Борис Бирнштейндин кыскача таржымалы

Исанов менен бир унаада келе жаткан БиБи деген ысым менен белгилүү болгон Борис Бирнштейн ызы-чууга толгон «Сиабеко-групп» компаниясынын башчысы болгон. 1991-жылы Бирштейн Кыргызстанга келген. Массалык маалымат каражаттары БиБинин гипноздук таасирине керек болсо президент Аскар Акаев туш болуп, ага Ак үйдүн 7-кабатынан кабинет бөлүп бергенин, жада калса экономиканы өнүктүрүү жана оңдоо боюнча республикалык комитеттин төрагасы кылып дайындап койгонун жазышкан.

Бирнштейн Кыргызстанга канадалык «Камеко» корпорациясын алып келген. Анын өтө эле активдүү болгону Исановго жаккан эмес. Бирок тергөө Исановдун жол кырсыгына кабылып каза болуусунда криминалдык жана атайын уюштурулган жагдайлар жок деген бүтүм чыгарган.

Бирок, коомчулукта  Кумтөр боюнча документке кол койдура албай айлалары кеткендиктен, өздөрүнө ыңгайлуу келишим түзүш үчүн Насирдин Исановду жок кылышты деген кептер аңызга айланып айтылып жүрөт.

Насирдин Исанов

«Кумтөр» аймагы, деңиз деңгээлинен 3600 метр бийиктикте

Бул тууралуу маркумдун жубайы Кыргызстандагы алтын кендерин иштетүү талкууланып, кендердин 25% ы гана Кыргызстанда калып, калганын иштете тургандар ала турган болуп, ушу боюнча көпкө талашып-тартышып болуп, анан бул жактан маселе чечилбей калып, 1991-жылы ноябрда Швейцариядан чечебиз деп Аскар Акаев менен Насирдин Исанов экөө чогуу барып келишкен эскерет.

-Ал жакта Насирдиндин колу сөзсүз коюлушу керек экен, бирок ал кол койбой келе бериптир. Иштете турган адамдар Кыргызстандан алтынды казып кетип эле, сырттан иштетмей болушкан экен. Насирдин ага каршы чыгып, бизде Шамалды-Сайда дагы башка жерлерде космостук тетиктерди жасаган заводдор бар эле союз учурунда, ошол заводдордон эле иштетсек болот деп айтыптыр.

Азыр ойлоп көрсөм, ошол Бирнштейндин ала турган пайызына кошулган кыргыздын балдары дагы болгон окшойт да. Болбосо баары Насирдиндин айткандарын колдошмок да. Швейцариядан маанайы жок келди, нааразы болгондой. Мен мамлекеттик маселелерге аралашпагандыктан эмне болгонун сураган эмесмин. 

 Бүзинат апа жалпы мамлекеттин, келечек урпактардын кызыкчылыгын көздөп, табышмактуу өлүмгө дуушар болгон Насирдин Исановдун өлүмүнө кубанган саясатчылар да болгонунун жашырбайт.

– Насирдин өлгөндөн кийин кол койдурганына кол койдуруп, алганын алып, байып калышты. Кийин Турсунбек Чыңгышев премьер-министр болду. Москвада Насирдиндин өлгөнүнө сүйүнгөнүн айтып келишкен. Насирдин “Бул элдин ырыскысы, элге болушу керек” деп кол койбой койгонду, булар бөлүштүрүп алып, кенен-чонон чардап жүрүшөт.

Байлык дегенде ата-энесин да сатып кеткенге даяр болушат турбайбы. Ошол кезде Турсунду Токтогул ГЭСинен Комсомолго Насирдин алып келген. Ал учурда бечаранын бечарасы болчу. Менин чайымды ичип, тандырга жапкан нанымды жеп жүрдү эле. Кийин бир басып келген жок. Азыр Элдин бетин кантип карап атат? Эл билсин анын ким экенин.

Белгилүү журналист Төлөнбай Абдыразаков Насирдин Исанов мамлекеттик гана ишмер эмес, табиятынан чыгармачыл инсан болгонун, ал бош убактысында ыр жазып, комузда кол ойнотконун кеч билип калганын айтат. Кыргыз Республикасынын алгачкы Премьер-министринин табышмактуу өлүмүнө нараазы болгон жакын туугандары анын сөөгүн Ноокатка алып кетебиз деп турду. Бирок, ал убакта Насирдин Исанов Ноокаттын гана эмес, бүтүндөй Кыргызстандын уулу болуп калган эле деп эскерет.

-1991-жылдын ноябрь айы болчу. Кечинде Кыргыз Республикасынын алгачкы премьер министри Насирдин Исанов телевизордон жол кырсынан каза болгондугу тууралуу кабар айтылып калды. Үй-бүлөм менен уккан кулагыма ишенбей, ордумда таштай катып туруп калдык.

Кайгылуу кабар кайра кайталанды. Тааныштар бири-бирибизге кабарлашып да бир жерде топтолуп, Токтогул көчөсү менен андагы Дзержинский (азыркы Эркиндик) гүлбагы менен кесилишкен үйүнө бардык. Адамдар абдан көп экен. Улууларбизге окшогон жаштарды келген адамдарды тосуп туруу кызматына бөлүштүрүштү.

Насирдин Исанов

Насирдин Исановдун зыйнатына Кыргызстандын бардык аймагынан адам көп келди, айрыкча Көл менен Нарын тараптан. Көңүл айтканы келгендердин арасынан «Н.Исановдун бир туугандары кимдер экен?» деген суроо бергендер да болду.

Тааныгандары аларга жупуну кийинген агасы Абдылда менен айдоочу болуп иштеген инисин көрсөтсө, суроо ээси экөөнү ишенип –ишенбей карап алып, акырын башын чайкап: «Кайран Насирдин чынчыл адам эмес беле…» деген кобурангандары кулагыбызга чалына түшүп жатты.

Адамдардын «Кайран жигит, жаш кетти…», «Аткара турган иштери алдыда эмес беле…» деген оор үшкүрүк аралашкан жоктоолору Насирдин акебиздин кыска, бирок, өтөлгөлүү өмүрү, элине жерине синирген эмгегин дагы бир ирет эске салып турду. Каңырыгыбызды ого бетер түтөтүп, токтоюн деп бараткан көз жашыбызды кайрадан кылгыртып жатты.

Булак: Каганат.

 

Бөлүшүү:

9 билдирүү

  1. Гупа 1 Март, 2017 at 11:44 Жооп берүү

    Ошондой эле маркумдун жубайы качандыр бир кезде Акаевдер менен жолугуп калса жубайынын өлүмү боюнча сурарын айтат. (Жолдошунун өлүмү боюнча сураарын) Жубайы – аялы, жолдошу – күйөөсү.

    Айрым басылмалардын жазгандарына караганда Насирдин Исановдун өлүмү болгон учурда Бирштейн – н түшүпкалыптыр.

    Насирдин Исановдун зыйнатына Кыргызстандын бардык аймагынан адам көп келди, айрыкча Көл менен Нарын тараптан. Көнүл айтканы… – көңүл, ң н болуп калыптыр.

    Адамдардын «Кайран жигит, жаш кетти…», «Аткара турган иштери алдыда эмес беле…» деген оор үшкүрүк аралашкан жоктоолору Насирдин акебиздин кыска, бирок, өтөлгөлүү өмүрү, элине жерине синирген эмгегин дагы бир ирет эске салып турду. Канырыгыбызды ого бетер түтүтөп, токтоюн деп бараткан көз жашыбызды кайрадан кылгырттып жатты. ———- Адамдардын «Кайран жигит жаш кетти…», «Аткара турган иштери алдыда эмес беле…» деген оор үшкүрүк аралашкан жоктоолору Насирдин акебиздин кыска, бирок өтөлгөлүү өмүрү, элине, жерине сиҢирген эмгегин дагы бир ирет эске салып турду. КаҢырыгыбызды ого бетер түтӨтҢп, токтоюн деп бараткан көз жашыбызды кайрадан кылгырТып жатты.

    Дагы үстүдөн да көрдүм эле ашыкча тамгалар кошулуп кеткенин, кайра издегим келбей койду. ң тамгалардын куйруктары да көп жерде калп кетиптир.
    Бул сиз

  2. Gupa 1 Март, 2017 at 12:09 Жооп берүү

    Жакшы материал болуптур. Каталар бар экен кичине грамматикалык, семантикалык, каякка жазуу керек?

  3. Максат 3 Март, 2017 at 06:04 Жооп берүү

    Аскар Акаев менен Майрам Исановдун олумуно куунолуу Акаев Исановдун бир буттуна да тен эмес Акайчик Кыргызстандан айлансын акмак

  4. М суйунтбек 3 Март, 2017 at 08:51 Жооп берүү

    Тарыхты карап корсок бардык улуу инсандар саткындардын курмандыктарына айланышкан м: манасты семетейди алымбек датканы. 37-ж абдыкадыр орозбеков 91-ж Насридин исановду саттык.

Пикир

тогуз + он үч =