Текебаевди колдогон митинг эртең дагы уланат

0

Каганат.

УКМКнын алдында Өмүрбек Текебаевди колдоп митингге чыккандар  тарады.

 Ал эми уюштуруучулар нааразылык акциясы эртең Ак үй алдында уланарын айтышты.

Белгилей кетсек,  кечээ 27-февралда “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 25-апрелге чейин камалган.   

Эске салсак,   Башкы прокуратура Текебаевге карата “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Ага орусиялык жаран Леонид Маевскийден 2010-жылы 1 миллион доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин кошумчасы менен кайтарып берерин айткан деген айып тагылууда.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

төрт × 2 =