Жеңишбек Назаралиев: «Ар бир үй-бүлөгө 100 000 сом»

Каганат.

Женишбек  Болсунбекович, жакында президенттик шайлоо башталат. Мына ушул аламан байгеге ат салышуучулардан бүгүн сиз эмнени күтөсүз?

-Президенттик шайлоо жылы эмнеси менен кызыктуу? Амбициялардын майда-барат күрөшү менен гана эмес, эң башкысы идеялардын, өнүгүү долбоорлорунун,  Кыргызстандын келечек программаларынын күрөшү менен кызыктуу.

Биздин өлкөбүзгө кандай экзистенциалдык коркунучтар бетме-бет келүүдө? Булар-жакырчылык, жумушсуздук жана кылмыштуулук, миграция жана социалдык жактан корголбогондук, өлүм коркунучу жана бузулган генефонд.

Мындай көкөй кескен маселелерге биздин саясатчылар шайлоо алдындагы жарыштын жүрүшүндө кандай жоопту беришет? Интрига.

Ошентсе да эски арсенал колдонула тургандыгын ишенимдүү айтса болот: инфляциянын деңгээли боюнча пенсияларды жана социалдык төлөмдөрдү болоор-болбоско жана  күнүмдүк жашоо муктаждыгын 2%га көтөрөбүз, бюджеттен маяна алгандарга 5% дан кошобуз, социалдык инфратүзүмдү кеңейтүүнү убада кылабыз—10 бала бакчаны, 2 мектепти, 1 оорукананы курабыз, мындан соң бюджеттин тартыштыгына туш келип, дүйнө кезип насыя суроого жөнөйбүз.

Мунун баарына карабастан мен баары бир чечкиндүү новатордук идеяларды күтүп жатам.

-2009-жылы сиз дагы президенттик  такка талапкер болгонсуз. Анда деле интригалар болгон да. Ошол кезде сиздин да эл күткөн башка талапкерлерден өзгөчөлөнгөн программаңыз болду беле?

-2009-жылы мен президенттик жарышка чыкканымда бизде Орус-Кыргыз фонду болгон эмес, ошондо мен «Ар бир үй-бүлөгө 100 миң сом» социалдык-экономикалык программа үчүн 2 млрд. доллар өлчөмүндөгү каржылоону эл аралык инстиуттардан, мисалы реконструкциялоонун жана өнүгүүнүн Евроазиялык Банкынан алууну сунуштагам.

Мен өлкөнү кыргыздын канындагы ишкерчиликтин жардамы менен алга жылдырууну, ата-бабаларыбыздын көчмөндүк тажрыйбасынын кубаты аркылуу чөлдө да бизнес курууну билишкен мекендештерибиздин ишкерчилик өзөгүн пайдаланууну каалагам.

-Бул нерселердин ишке ашырууга сизге эмне жолтоо болууда?

-Буга эки фактор жолтоо болууда: гүлдөп өнүккөн элге зарылчылыгы жок бийликтегилердин тоң моюндугу, /эл бийликке коркунуч жаратышы мүмкүн/ жана старттык капиталды алуунун мүмкүн эместиги (банктардын тыюу салынуучу чен-өлчөмдөрү, финансылык сектордун өнүкпөгөндүгү, финансылык бийлик саясатынын алсыздыгы).

[latest-selected-content limit=”1″ type=”post” display=”title” image=”medium” url=”yes” elements=”3″ css=”left” dtag=”yes” id=”90556″ status=”publish” orderby=”dateD”]

Ошондо мен өз программамдын пунктарынын бирин чакан бизнести мамлекеттик каржылоого арнагам. Мен мына буларды жазгам:

“Жакырчылык жана жумушсуздук менен күрөшүү үчүн ишкерчилик демилгелерди өнүктүрө турган «Ар бир үй-бүлөгө 100 000 сом» программасын ишке ашыруу. Программа мыйзамдын  алкагында демилгелердин чыгышына реалдуу мүмкүнчүлүк түзөт жана өз колубуз менен келечекти курууга өбөлгө болот.

Программада бир нече үй-бүлөлөрдөн турган жамааттарга— минимум катары 10 бүлөдөн турган үй-бүлөлүк бирикмелерге каражат инвестициялоо каралган. Бирикме өзүнүн башкы директорун тандап алат, бизнес-долбоорун иштеп чыгат, мисалы—чакан тегирмендин, тигүү цехинин, чакан күнөскананын курулушунун, же бодо малды, койду ж.б. сатып алуунун долбоорлору.  

Мамлекеттик өкүлдөр тарабынан бизнес-долбоор каралгандан кийин мамлекет тарабынан 10 үй-бүлө бирикмесинин башкы директоруна инвестиция катары 1 млн. сом (ар бир бүлөгө 100 000 сом эсебинде) берилет. Мамлекет бул учурда үй-бүлөлүк биргелешкен долбоордун үлүшүнө 50х50 катышуу шарты менен кирет жана ушул негизде толук укуктуу өнөктөш болот.

Ал эми өнөктөштөрдөн салык алынбайт. Мамлекет мындай шарттарда биргелешкен долбоорлорго ар кандай түрткү көрсөтүүгө жана аны колдоого алууга аргасыз болот. Бул бизнестин логикасы, ал банкрот болуп калбастын амалы. Демек элде ар ким өз бүлөсүн багуусунун жана камсыздоосунун реалдуу мүмкүнчүлүгү пайда болот”.

Тактап айтканда мен, биздин элибизди бир жолу балык менен сыйлоону эмес, а тескерисинче ар дайым токчулукта болсун үчүн ар бирине кайырмак берүүнү сунуш кылгам.

Туура уюштуруу болгон учурда 2-3 жылдын аралыгында  долбоорго өлкөбүздүн калкынын 1/5 бөлүгүн тартууга болот, бул дээрлик 1 млн. кыргызстандык. Алар күнү-түнү боюу ички дүң продукцияны туруктуу негизде чыгара башташат жана 5-7 жылдын аралыгында жакырчылыктан чыгуу менен бирге Кыргызстанды туруктуу өсүүнүн жана өнүгүүнүн траекториясына алып чыгышат. 

Шайлоо убагында сиздин апийим өстүрүүнүн базасында фармакологиялык жана косметологиялык өндүрүштү түзүү сунушуңуз да көпчүлүктүн эсинен чыга элек. Коомчулук тынчыздануу менен кабыл алган мындай сунушту кайсы негиздемелерге таянып алып чыккансыз? Же бул жөн гана упай топтоо амалы беле?

-Апийим өстүрүүнүн базасында фармакологиялык жана косметологиялык өндүрүштү түзүү, бул менин өткөн шайлоолордо алып чыккан экинчи сунуш болчу. Мындан болжолдуу эсептөөлөр боюнча өлкөбүз жылына  15-20 млрд доллар өлчөмүндө киреше алмак.

Жарып чыгуучу ушул  идеяга бул тармакта доминант болушкан биздин атаандаштарыбыз гана (Индия, Түркия, АКШ) жолтоо болушу мүмкүн.

  [latest-selected-content limit=”1″ type=”post” display=”title” image=”medium” url=”yes” elements=”3″ css=”left” dtag=”yes” id=”88713″ status=”publish” orderby=”dateD”]

Мисалы үчүн, ар кандай ММКлар аркылуу коркунучту жана тынчсызданууларды жаратуулары, анын авторлорунун (бул учурда-мени) наркобарон атоо менен кадырын кетирүүнү, биз Ооганстан тарапка ооп бараткан сыяктуу коомчулукту коркутуу ж.б.у.с.

Ошондой эле менин Кыргызстандын жана Борбордук Азиянын инфратүзүмүн өнүктүрүү, мунун ичинде Европага, Индияга, Кытайга жана Жакынкы Чыгышка аймактык товарларды чыгаруу үчүн  «Кыргыз коридору» мамлекет аралык шоссе жана темир жолдорун курууга  уставдык капиталы 100 млрд. долларды түзгөн Евроазиялык инвестициялык банкын түзүү боюнча үчүнчү сунушум бар болчу.

 Айтмакчы, бул идеяны мен көтөрүп чыккандан соң эки жылдан кийин БРИКС өлкөлөрү капиталы 100 млрд. долларды түзө турган ошол сыяктуу фондду түзүү жөнүндөгү пландарын жарыя кылышты. Мен мүмкүн болбогон нерселерди сунуштаган эместирмин!?

Идеологияга байланыштуу, Кыргызстандын экономикалык өнүгүшү үчүн  биздин баарыбызды бириктирип турган мамлекеттер: Орусия-биздин агабыз, Кытай –кошунабыз, АКШ-демократиянын үлгүсү, рухий дүйнөбүз-Ислам  алда канча ыңгайлуу. 

Азыркы кандидаттарда масштабы жана мааниси боюнча өлкөбүздүн кызыкчылыгына дал келе турган идеяларды сунуштоого жана аны ишке ашырууга чечкиндүүлүктөрү жетиштүүбү, же алар мындан ары да калктын өздөрүнө окшогон жогорку катмары үчүн турак жайларды куруу үчүн эл аралык насыяларды алуусун улантышабы? Мен үчүн бул өтө маанилүү суроо. Бирок ар дайым жакшылыкка гана үмүт артабыз.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

2 × 5 =