Атамбаевдин кызы Алия Шагиева кош бойлуу экенин жарыялады

Каганат.

Президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева кош бойлуу экенин жана уул күтүп жатышканын социалдык тармактагы баракчасына жазды. Ал баракчасына жаңы тартылган боюнда бар айымдын жылаңач сүрөтүн тартып, жарыялап, төрөткө даярданып жатканын билдирген.

“Уулубуздун төрөлүшүнө өтө аз убакыт калды, мен өзүм үчүн жаңы ачылыштарды жасоону токтоткон жокмун. Сүрөт тартуу мага абдан жардам берип жатат. Окуп үйрөнгөн сүрөт эмес, интуицияга таянып тартылган, эркин сүрөт тууралуу айтып жатам”,-деп жазат Алия.

27-августта Президент  Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева турмушка чыкканы тууралуу Instagram’дагы өзүнүн баракчасында жазып чыккан. 

Анда: «Мен негизи түгөйлөрдүн жагалданып түшкөн сүрөттөрүн эч жактыра бербейм, дал ошондуктан 4 жыл бою Костя экөөбүздүн биргелешкен сүрөттөрүбүз болгон жок. Анан дагы мен жеке жашоом тууралуу баарына билдирип бир нерсе жазганды жаман көрөм. Бирок бүгүн өзгөчө күн. Жылуу шамал. Биз эми  өзүнчө  бир үй бүлөбүз , куттуктоолорду кабыл алууга даярмын», – деп жазылган.

2017-03-02_13-29-29_730633Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

3 × 2 =