Текебаевдин ишин УКМК тергеп жатканы мыйзамдын одоно бузулушу

0

Каганат.

Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча тергөө амалдарын эмне себептен УКМК откоруп жаткандыгы түшүнүксүз. Менин оюмча, бул мыйзамдын одоно бузулушу. Бул тууралуу Конституциялык палатанын экс-судьясы Клара Сооронкулова билдирди.

“Жазык процесстик кодексинин 163-беренеси боюнча (3-2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты тарабынан жасалган кылмыштар жөнүндө жазык иштери боюнча прокуратура органдары тарабынан гана жүргүзүлөт. Башкы мыйзамга киргизилген өзгөрүүлөр боюнча «прокуратура тизмеси конституциялык мыйзам менен аныкталган мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына карата жазык иштерин козгоп, иштерди тиешелүү органдарга тергөөгө өткөрүп берет”,-деп жазат Сооронкулова.

Ошондой эле ал Конституциянын 104-беренесинин 6-бөлүгүн түздөн-түз колдонууга мүмкүн эмес экендигин кошумчалаган.

“Анткени, кызмат адамдарынын тизмеси аныктала элек. Экинчиден, өзү билгендей баш мыйзамды талкуулай турган прокуратуранын укугу жок”,-деп билдирди ал.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

3 × беш =