«Ак илбирс» улуттук киносыйлыгын алууга 31 тасма ат салышат

0

Каганат.

«Ак илбирс» улуттук киносыйлыгын алууга 31 тасма ат салышат. Бул тууралуу Кинематография союзунан билдиришти.

Маалым болгондой, 31 тасманын ичинде 14 толук метраждуу, 10 кыска метраждуу жана 7 даректүү тасма бар. Бул киносыйлыктын жеңүүчүлөрү 14-апрелде белгилүү болот.

«Ак илбирс» улуттук киносыйлыгы 2012-жылы негизделип, быйыл 6-жолу өткөрүлүп жатат. Анда 18 номинация боюнча Кыргызстандагы жана Орто Азиядагы мыкты тасмалар аныкталат. Ошондой эле, «Орто Азиядагы мыкты актёр» жана «Орто Азиядагы мыкты актриса» номинациясы берилет.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

үч × бир =