Атамбаев “Ата Мекенди” сасык партия атады

0

Каганат.

7-апрелде адамдар сасык партия үчүн эмес, мекени үчүн жан бергенин президент Алмазбек Атамбаев билдирди.

Өлкө башчысы 7-апрелде окко учкандар убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү миллионер болсун деп кайтыш болбогонун кошумчалады.  

“Алар мародерлор элдин атын жамынып бийликке келсин, элди тоноп миллионер болсун деп каза болду беле? Жаракат алып, жакшы болгондордон, жетимдерден, жесирлерден, баласыз калган энелерден сурагыла!”-деди президент.

Ажо “Ата Мекенден” колуңду тарт, Атамбаев” деп митингге чыгып жаткандар тууралуу дагы сөз кылды.

“Биздин мекенибиз-Кыргызстан. Силер 7-апрелде балдар сасык партияңар үчүн жан берди деп ойлоп жатасыңарбы? Кыргыздын ыйык сөздөрүн колдонуп өздөрүнө ат коюп алышкандар бар. Алардын ишин видеого тартып алсаң дагы алар моюнуна алышпайт. Колунан кармап алсаң дагы, биздин кол эмес деп танып кетишет. Алар күнөөсүн сезип, кечирим сурайт деп ойлобогула. Алардын уяты жок”,-деди Атамбаев.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

6 − бир =