Атамбаевдин “Парламент тарасын” деген сөзүнө депутаттар пикирлерин билдирди

0

Каганат.

Бүгүн, 6-мартта президент Алмазбек Атамбаевдин Жогорку Кеңешти таратууну колдой тургандыгы боюнча депутаттар пикирлерин билдирди. Ата Мекен” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев Парламентти таратууга негиз жок экендигин белгиледи.

Депутат: “Жогорку Кеңештин мурунку чакырылышында да “парламент таркайт экен” деген сөздөр айтылып келген. Айтылып жүрө турган эле кеп”, – деди.

Ошондой эле  “Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруучу органдан ушак чыгарган органга айланып баратат” деген сөзүн депутат бул мамлекет башчынын жеке ою экенин айтты.

Ал эми  КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков: Президент “парламент таркасын” деп түз мааниде айткан жок”, – дейт.

 Эл өкүлү белгилегендей,   президент парламентте бул маселени көтөргөн кишинин дарегине сыпаттап айтты.

Депутат бул сөздү түздөн-түз парламентти таркатыш керек деген пикирде кабыл алган туура эмес. Анткени быйыл президенттик шайлоо болгондон кийин парламентти таркатып, кайра шайлоо өткөрүүгө коомчулук, бийлик дагы даяр эмес деген пикирде.  

Мунун менен катар эле “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутаты Мирлан Бакиров Президенттин “парламент тарасын” деген сөзүн маалымат катарында кабыл алгандарын айтты.

Бакиров: “Парламенттин таркашы боюнча Конституцияда Жогорку Кеңештин статусу жөнүндө мыйзамдарда өзүнүн жол-жоболору бар. Парламент бүткүл дүйнөдө популисттик орган деп да айтылып келет. Себеби ал жакта талкуулар, пикир келишүүлөр, келишпестиктер, бардыгы болуш керек. Талаштан тактык жаралат. Атайын мыйзам чегинде процедуралар бар”, – деди.  

Эске салсак, бүгүн президент Алмазбек Атамбаев сыйлык тапшыруу аземинде парламенттин таркап кетишин колдой турганын билдирген.  

Булак:Каганат

 

 

Бөлүшүү:

Пикир

эки × 4 =