Депутаттар Текебаев менен жолугушту

0

Каганат.

ЖКнын депутаттары 5-мартта “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен жолугуп чыгышты. Бул тууралуу аталган партиядан билдиришти. Текебаев менен жолугушууга Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков, депутаттар Алмаз Батырбеков, Алтынбек Сулайманов, Бакыт Төрөбаев жана Алмамбет Шыкмаматов барышкан.

Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагына камакта жаткан Текебаев күнөөсүз экенин, сынбай, актыгын далилдерин билдирген.

Башкы прокуратура Текебаевге карата “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, ал 27-февралда кармалган.

Ага орусиялык жаран Леонид Маевскийден 2010-жылы 1 миллион доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин кошумчасы менен кайтарып берерин айткан деген айып тагылууда. Биринчи Май райондук соту Текебаевди 2 айга камоо чечимин чыгарган. Жактоочулары бул чечим менен макул болушпай Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз менен кайрылышкан.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

16 + бир =