Иса Өмүркулов: Парламентти таркатчулар үлгү болуп көч башташсын

Каганат.

Президент Алмазбек Атамбаевдин Жогорку Кеңешти таркатууну колдойм деген кеби айрым депутаттарды чочутса айрымдар кулак сыртынан кетиргендей. Бирок бул боюнча өткөн парламенттик жыйында Текебаевдин камалышы боюнча сөз алган Өнүгүү-Прогресс фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин “эгер биз эч нерсе кыла албай турган болсок, анда Жогорку Кеңешти таркатып жиберели деген пикирин капыстан Атамбаевдин колдошу бир топ күмөн ойлорду жаратат. Ал эми ажо бул чакырылыштын депутатары, ушак-айың интрига менен алек болгон парламент болуп калды таркашса таркашсын деген ойду айткан.

Баш ал десе бөрк алган КСДПнын аткаминерлери азырынча үн ката элек. Болгону Иса Өмүркулов гана бул боюнча ким айтса ошол баатыр болуп, биринчи мандатын таштап, үлгү көрсөтсүн деген ойду айткан. А бирок чындап келгенде ажо эртең башкача оюн ойномок болуп КСДПны таркатса Иса Өмүркулов биринчи мандатын таштап басып кетээри бышык. Арийне бул кадамга башкалар дагы барбайт. Бирок КСДПнын карманганы азыркы тапта көпчүлүк коалиция экендиги талашсыз. Анткени Президенттин мөөнөтү аяктаганга саналуу күндөр калган сайын, Атамбаевдин ишеничи бир гана КСДПда.

Дагы бир саясий оюн болушу мүмкүн, эгер Жогорку Кеңеш таркай турган болуп калса, кайра шайлоо өтүп, Президентттик шайлоону кечеңдетишет. Анткен менен өкмөттүн курамын толук КСДПнын кол балдары түзүп турганда бийликке кайра келүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Бирок бул оюн Атамбаев үчүн салыштырмалуу өтө эле кооптуу. Ошондуктан саясий тегирмендин барасын азырынча өздөрү гана айлантып, максаттарын чекесинен ашырып келе жатат.

Булак: Каганат.  

Бөлүшүү:

Пикир

төрт × 2 =