Каганаттан саресеп: Ала-Тоодо ажо арманын төктү, ааламда эмне кеп?

0

Каганат.

Бүгүн кыргыз элинин көңүлү ачык десек болчудай. Себеби ажобуз бекер концерт коюп берди. Мамлекеттик сыйлык тапшыруу аземинде президент Алмазбек Атамбаев маанилүү, маңыздуу кеп сүйлөгөндүн ордуна оппозицияга, тактап айтканда “Ата Мекенге” болгон таарынычын төгүп, аттын башындай болуп кеткен арманы менен бөлүшүп отурду.

Муну менен катар эле ажобуз айтып бүткүс иш аткарганын саймердеп алгылыктуу иштери коп экенин айтып, биринчи класстын окуучусу 5 алып келип сүйүнүп, мактанган сыяктуу эле мактанып алды.

Атамбаев бир топ жетишкендиктер болгонун, бирок кыргыз эли аны байкабай жатканын айтып, өзгөрүүлөр болуп жаткан маалда иштеп жатканына сыймыктанарын билдирди. Бирок эмнегедир Атамбаев кылган алгылыктуу иштер элге көрүнбөй жатканына нааразы болуп өттү. Кыргызстанды гүлдөтүп, жомоктогудай жашоо тартуулап жатса эле эли кантип аны колдоп албасын. “Атын атаса куту сүйүнөт” дечү эле кыргызда. Кылган эмгектерин атап өтсө жакшы болбойт беле жарыктык.

[latest-selected-content limit=”1″ type=”post” display=”title” image=”medium” url=”yes” elements=”3″ css=”left” dtag=”yes” id=”92676″ status=”publish” orderby=”dateD”]

Аны менен эле токтоп калбаган мамлекет башчы КТРКсы аркылуу өзүн жарнамалап алайын дедиби айтор “Ата Мекенди” болушунча шыбап, аарды кемсинтип, сасык партия атады. “Алардын ишин видеого тартып алсаң дагы алар моюнуна алышпайт. Колунан кармап алсаң дагы, биздин кол эмес деп танып кетишет. Алар күнөөсүн сезип, кечирим сурайт деп ойлобогула. Алардын уяты жок”,-дегенге чейин барды ажо.

Муну менен катар эле Атамбав Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруучу органдан, ушак таратуучу органга айланганын айтып, агынан жарылды. “Боингдеги” жүктүн өзүнө тиешелүү эмес экенин айткан ал эптеп артын тазалап, актануу аракетин көрдү. Керек болсо депутаттар Гонгконгго, Самбулга барып келсин деп да жиберди.

[latest-selected-content limit=”1″ type=”post” display=”title” image=”medium” url=”yes” elements=”3″ css=”left” dtag=”yes” id=”92636″ status=”publish” orderby=”dateD”]

Ошондой эле ал депутаттар тарап кетсин деген демилгени колдорун айтып: “Урматтуу депутаттар, балким чын эле Төрөбаевди колдоп, таркап кетесиңер? Болбосо мыйзамдарды сыйлап, өлкөнүн келечегин ойлоп, эл үчүн иштегиле. Кудайдан корккула! Силерге чындык кереги жок болсо, элге керек”-деди.

КСДПнын аткаминерлеринен Иса Өмүркулов үн катып, шефинин сөзүн кубаттап, четтен гана карап турмакчы болуп, бул боюнча ким айтса ошол баатыр болуп, биринчи мандатын таштап, үлгү көрсөтсүн деп турду. А бирок чындап келгенде ажо эртең башкача оюн ойномок болуп КСДПны таркатса Иса Өмүркулов биринчи мандатын таштап басып кетээри бышык. Арийне бул кадамга башкалар дагы барбайт. Бирок КСДПнын карманганы азыркы тапта көпчүлүк коалиция экендиги талашсыз. Анткени Президенттин мөөнөтү аяктаганга саналуу күндөр калган сайын, Атамбаевдин ишеничи бир гана КСДПда.

Алмазбек Атамбаевдин Жогорку Кеңешти таратууну колдой тургандыгы боюнча башка депутаттар да пикирлерин билдирди. Ата Мекен” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев Парламентти таратууга негиз жок экендигин белгиледи. Кененирээк бул жакта.

Эртең 7-мартта Орусиянын премьер-минитсри Дмитрий Медведев Бишкекке келет. Медведев Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин отурумуна катышуу үчүн Кыргызстанга келет. Эми Медведевди кармап алып Атамбаев арманын төгүп баштабаса болду.

[latest-selected-content limit=”1″ type=”post” display=”title” image=”medium” url=”yes” elements=”3″ css=”left” dtag=”yes” id=”92617″ status=”publish” orderby=”dateD”]

Так ушул Атамбаев башкарып турган маалда Кыргызстандын карызы эселеп өскөнү баарыбызга маалым. Карыз алып, бирок пайдалуу багытта жумшалбай сол чөнтөктөргө кетип жатканы өлкөнүн абалын бир топ оорлотуп жаткандай. Деги эле карыз алуу керекпи? Андан кантип кутулса болору жана карызга баткан өлкөнү эмне күтүп жатканы тууралуу Эсеп палатасынын мурунку төрайымы Элмира Ибраимова айтып берди.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлап алгандан бери куудулдар жана артисттердин концерттери аншлаг менен өтпөй калгандай. Анткени дал ушул 120 депутаттын кай бирлери көтөрүп чыккан мыйзамы менен, элдин көңүлүн көтөрсө айрымдары сүйлөгөн сөзү, жооп берген жообу менен артисттерден кем калбай көңүл ачышат. Бүгүнкү депутат айымдардын кайым айтышуусун бул жакта.

 Депутат демекчи КСДП фракциясынын лидери, депутат Иса Өмүркуловго байланыштуу кылмыш иштери бар экенин Салянова саймердеди эле. Башкы прокуратура бүгүн Өмүркуловго байланышкан башка материалдарды алып келип берүү боюнча Аида Саляновага кат жөнөтүлгөнүн билдирди.

Дал ушул Башкы прокуратуранын сунушу менен кызматтан убактылуу четтеген Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевге карата иликтөөнүн жыйынтыгы ушул жумада белгилүү болот. Иликтөө комиссиянын отурумдарына Тайырбек Сарпашев өзү дагы чакырылган. Ошондой эле  Өкмөттүн жумушчу тобу отчетту 10-мартта жарыялашы керек.

Ал эми Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 2017-жылы ажылык сапарына баруучуларды каттоо бүгүн, 6-мартта аяктайт. Маалым болгондой, каттоо иштери муфтияттын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда жүргүзүлүүдө. Ажылык сапарга атайын электрондук негизде катталууга да мүмкүнчүлүк бар. 

Түркмөнстан

ddad50eb-9ea4-4bbe-8328-91e60440f475_w1023_r1_sӨзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Түркмөнстандын Чарджоу шаарында Ислам Каримовдун мемориалдык комплексинин ачылышына катышат. Мындан тышкары эки өлкөнүн башчылары өзбек-түркмөн мамилелерин талкуулап, эл аралык жана аймактагы олуттуу маселелер боюнча пикир алышат.

Стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол коюлары да күтүлүүдө.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он үч + 12 =