Текебаевдин баш коргоо чарасы 9-мартта шаардык сотто каралат

0

Каганат.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текбаевдин баш корго чарасы Бишкек шаардык сотунда 9-мартта каралат. Бул тууралуу алатган партиядан билдиришти.

Соттук отурум саат 16:00дө болот.

Биричи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди 25-апрелге чейин камакка алган. Башкы прокуратура Текебаевге карата “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Ага орусиялык жаран Леонид Маевскийден 2010-жылы 1 миллион доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин кошумчасы менен кайтарып берерин айткан деген айып тагылууда. Биринчи Май райондук соту Текебаевди 2 айга камоо чечимин чыгарган. Жактоочулары бул чечим менен макул болушпай Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз менен кайрылышкан.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

3 × үч =