Алтынбек Жунус уулу: Энергетика импорттолбосо дагы өкмөт эсепти эки сомдон алууда

Каганат.

Бүгүн Жогорку Кенештин жыйынында Өнүгүү-Прогресс фракциясынын депутаты Алтынбек Жунус уулу өкмөттү кескин сынга алып, карапайым элди кыйнап жаткандыктарын эскертти. Эл өкүлү Бишкекте күн жылып калганы менен алыскы тоолуу аймактарда дагы деле кар калын экендигин жана энергетикага болгон арзандатуу берилбегендигин айтып өттү. Негизинен Кыргызстан 2015-жылы суунун көлөмү аз болгондугуна байланыштуу энергетиканын Казакстандан импорттогондугубуз үчүн баасы 700 кВттан кийин  эки сом он тыйынга көтөрүү каралган. Бирок биз 2016-2017жылдары импорттогон жокпуз да өзүбүз өндүргөн энергетиканы  өз элибизге кымбат сатканыбыз туура эмес. Бул боюнча өкмөттүн окүлү тиешелүү чечимдерди тезинен кабыл алуу керектигин эскертти.

Ошону менен бирге эле алыскы тоолуу аймактарда электр энергия кымбат болгону аз келгенсип көмүр менен толук камсыздалган эмес. Борбордо күн жылыды деп отура берүү болбойт учурда айрым аймактарда дагы деле кадимкидей кар калың, кыш мезгили бүтө элек айрыкча Нарын Чаткал, Атбашы, Алай амактарында. Жылуулукту камсыз кыла турган эки ресурсту колго ала албаган өкмөт күзүндө каяктан кышка даярдык толугу менен даярбыз деген сөзү ала белде калып калууда деп сын айтты. 

Депутаттын бул сунушун эл өкүлдөру дагы колдоп, бул боюнча  өкмөт  тезинен иликтеп  жооп бериши керек деген пикирлерин билдирди. 

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

он төрт + 13 =