Шашылыш билдирүү: Бишкекте 10-11-мартта мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт

Каганат.

ӨКМнин басма сөз кызматы билдиргендей, 10-11-мартта Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. 

Маалым болгондой, Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетиши күтүлөт. 12-мартта түнкүсүн мезгил-мезгили кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы -5…-7 ,-1…+1 градустун тегерегинде болот. Ош шаарында 10-мартта мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. 11-мартта жана 12-мартта түнкүсн мезгил-мезгили кар жаашы күтүлөт, 12-мартта күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы -1…-3 градус болмокчу.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы: 12-мартта Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

18 − 5 =