Текебаев парламент таркаса президентке чоң мүмкүнчүлүктөр ачыларын билдирди

0

Каганат.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев УКМКдан ЖКнын төрагасына жана депутаттарга кайрылуу жазды.

Анда Текебаев УКМКнын тергөө абагына барган төрагага жана депутаттарга ыраазычылыгын билдирген.

Ошондой эле кайрылууда мамлекеттүүлүккө коркунуч келтирилип жатканы жазылган. 6-мартта президент Алмазбек Атамбаевдин парламентти таркатуу демилгесин колдорун айтканын сындаган Текебаев өлкө башчы депутат Бакыт Төрөбаевдин айткан сөздөрүн бурмалаганын жазып, Жогорку Кеңештин мамлекеттик маселелерди чечүүдө салмагы артып жатканын, мындан улам өлкө башчы чочулап жатканын билдирген.

Ошондой эле Текебаев президент кызматынан кеткенден кийин дагы бийликте калууну көздөп жатканын билдирген.

“Жогорку Кеңешти таратып, жаңы шайлоо өткөрүү президентке кызматынан мөөнөтүнөн мурда кетүүгө жана премьер-министрдин ордун алуу үчүн парламенттик шайлоого КСДПнын лидери катары барууга мүмкүнчүлүк берет. Дал ушул үчүн Конституцияга киргизилген өзгөртүүдө өкмөт башчынын артыкчылыктары кеңейтилген”,- дейт Текебаев.

Ошондой эле ал парламенттин таркашы менен президент отставкага кетсе премьер-министр бийлик башына келерин жана ал чөнтөк өкмөт башчы экенин кошумчалаган Текебаев.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он сегиз − үч =