“Ачык саясат”: Исаков Сегизбаевди сабаптыр…

0

Каганат.

Мына ушул суроого АШАнын дагы башы катып турган кербези.  Акүйдөгү жакындарыбыдын бизге жеткиргендерине ишене турган болсок. СДПК партиясынын аксакалдары жана Атамбаевдин айланасындагылар талашып-тартышып олтурушуп,  дал ушул эки жаш кандидатурага токтолушкан экен. Бирок, президенттик орун бирөө эле эмеспи. Кыскасы билерман бийликчилердин пикири келишпей эки топко бөлүнгөндүгү чындык тура.

Анан колдоп турса кожоюн, эки эриндин амбициялары өз баштарынан ашып үтүп, “бири-биринен тузак сала алышпай, кыл чайнашып жатат” дешет. А түгүл эки баатыр тартынбай Атамбаевдин күзүнчө мамлекеттик резиденцияда кармаша кетип, Сапар мырза чапчаңдык кылып Абдилдин эсин оодарган экен. Антсе ал жакта олтурган акылмандар, аларды ынтымакка чакыргандын ордуна, “тим кой, мөөрөй женгендики” дешип Алмазбек Атамбаевге кеңеш айтымыш болуп, тамашага батышкан тура.

 Булак: Ачык саясат

Бөлүшүү:

Пикир

13 + он бир =