“Фабула”: “Жансыз”… Улан Примов Бабановдун “бакан оозубу?”

0

Каганат.

“Бел алма” көмүр кениндеги ызы-чууда кулагы көрүнгөн КСДП фракциясынын Улан Примов деген акчалуу депутаты бар. Оштун дагы  олигархы Жалил Атамбаевден аталган кенди тартып алганы күнү бүгүнкүгө чейин айтылып келет. Мына ушул Улан мырза 2015-жылы Жогорку Кеңешке КСДПдан депутат болуп келгенге чейин “Республика” партиясынын Ош шаардык кеңеш депутаты, төрагасы болгон.

Анан эле КСДПдан төбөсү сорок дей түшкөндө көпчүлүк түшүнбөй калышкан, Бабановду сатып кеттиби дешип… Көрсө сатпаптыр. Арканды алыс таштаган Өмүрбек Бабанов Примовду КСДПдагы окуяларды “төкпөй-чачпай” жеткирип туруш үчүн “агент” кылып атайлап киргизиптир.

Бүгүнкү күндө Примов өзүнө тагылган вазийпасын кынтыксыз аткарып, эки күндүн биринде Бабановдун кабинетине чуркап, Кокон хандыгынын тушундагы “жансыздардан” дагы өтүп кетиптир… Президент Атамбаев бекеринен КСДП тазаланат деп жатпаптыр…

Булак:Фабула

Бөлүшүү:

Пикир

1 × үч =