“Ачык саясат”: Өмүркулов, сокурлардын дагы пайдасын көрөбү?

0

Каганат.

Парламенттин таркашын чыдамсыздык  менен күткөн ЖК депутатары деле бар. Албетте алардын кататрын бийликчил СДПК фракциясын толуктайт. Эми жашырганда эмне, шайлоонун шайтан оюундарын жакшы эле билебиз. Мамлекеттик казынадагы миллиондордун көзүн карабай, өлкөгө шайлоо өзгөчөлүгүн жараткан Сарпашевдин биометрикеси деле көз будамайлап келе жатат. Муну керек болсо көзү көрлөр деле көкүрөгү менен туюуп жатышат болушу керек.

Болгону бийлик көзү көргөндөрүбүздү каратып туруп алдап кеткенди жакшы өздөштүргөн да. Эмеси кайсы шайтан шайлоо болбосун, азыркы бийликтин колдон чыккыс жеңиши болуп берет. Дегеним, ошондой ишенимдүү кадам менен СДПК фракциясынын лидери Иса Омуркулов, “Ким айтса (ред. Бакыт Төрөбаев) ошол биринчи башкаларга улгу болуп, баатыр болуп, мандатын тапшырсын”- деп кыйынсынган. Мунусу Апендинин сокурларды алдаганындай эле бар.

  Бир күнү Апенди аркы өйүздөгү бир айылга бармакчы болуп кечүүгө келгенде бир топ сокурлар өтө албай турушкан болот. Аларды байкамаксан болуп өтүп кете береринде, тигилер өткөрүп коюусун суранып калышат. Кыңырылган Апенди киши башынан беш тыйындан акы алмакка макулдашат. Баары макул болушат. Ошентип улам бирин өткөрүп жатып чарчап калган жарыктык акыркысын кармай албай сууга агызып жиберет. Сокурлар аны туюуп калып, чуулдай баштайт. Баардык кырдаалдан чыгуунун жолун тапкан биздин Апенди тапандашып, “Эмне чуулдайсыңар? Бир кишиңердин акысын кем төлөсөнөр эле болду, бүтүшөбүз” деген экен.

Булак: Ачык саясат

Бөлүшүү:

Пикир

он эки − 8 =