Дүйнөдө нефтинин барелли түшүп жатса Кыргызстанда күйүүчү май неге кымбат?

Каганат.

2010-жылдан бери  дүйнө жүзүндө күйүүү кара майга болгон баа төмөндөп келет. Бир гана Кыргызстанда тескерисинче күйүүчү майдын баасы жогорулагандан жогорулагандын  үстүндө. Ал эми жыл сайын жаз алдында күйүүчү майдын баасы жөнү жок көтөрүлгөн абал көнүмүш болуп калган. Буга башкы себеп жзгы айдап- себүү иштерине баары бир муктаждык жаралгандан улам, май ташып келген нефтебарондордун түшүмдүү учур деп атап да алышкан. Албетте сөзүбүз куру болбошу үчүн дүйно жүзүндо нефтинин бареллеине болгон бааны  ала турган болсок маселен 2010-жылы  кара майдын баасы бир бареллине  76,69 АКШ доллар турган. Бирок дал ошол учурда Кыргызстанда АИ92  маркасындагы Бензиндин баасы 38 сомду түзгөн. 

Учурда нефтинин баасы дагы төмөндөп жаткандыгы тууралуу Орусиялык басылмалар бирин сала бири күйүүчү майдын баасы дагы арзандаарын жар салып жатса Кыргызстанда тескерисинче көтөрүлүшү күтүлүүдө деп айгай салууда. Тактап айтканда 2017-жылдын башында  нефтинин бир барелли 51, 67 АКШ долларды түзсө, үч күн мурун 49, 61 АКШ долларга түшкөндүгүн “Росбалт” жана “РИА Новости” маалыматтык агенттиктери жазып чыгышты. 

Демек жогорудагы көрсөтүлгөн цифраларга таяна турган болсок Кыргызстандагы  күйүүчү майдын арзандабай кымбат болуп жатышы карапайым калк нефтебарондордун чөнтөгүн толтуруп берүү менен алек болуп жаткандай таасир калтырат. Алтургай Россияда азыркы тапта орто эсеп менен АИ 92 маркасындагы бензиндин баасы 33, 50 рубль болуп, биздин сомго айландыросак 38 сомду түзөт. Ал эми Кыргызстанда бүгүнкү күндо бензиндин баасы 39 сом 50 тыйынды түзүүдө. Жалпысынан алып караганда бул бир литрге болгон баа, ал эми  ташып келүү жана мамлекетттик салык наркын кошкондо дагы бир литр бензинге болгон баа араң 38,50 сомду түзмөк.

Жогорудагыдай аналитика жүргүзгөндөн кийин орто эсеп менен ар бир Кыргызстандан бензин сатып алып жаткан кардар бир литр бензинге толөгон акчасынын 50 тыйынын нефтебарондордун чөнтөгүно саклып берип жатат. Ал эми дал ушул тармакты жөнгө сала турган монополияга каршы күрөшүү кызматы эч качан тийиштүү чара куолдонбоорун бөркүнүздөй эле көрсөңүз болот. Анткени Кыргызстандагы ири май куюуучу жайлардын бири “Газпром Азия” ишканасынын башчы Алексей Миллерди “мультимиллионер Президентибиз” чуркап чыгып тосуп алып жатса карапайым калктын чөнтөгү каяктан ойломок эле. Жалпылап айтканда Кыргызстанда азыр баары жакшы коррупция менен тынымсыз күрөшүп жатабыз деген ажонун сөзү нефти бизнесиндеги миллиондор агылып, саналуу адамдардын чөнтөгүн толтуруп жатканын эске албаган күндө дагы абсурд бойдон кала бермекчи.

Булак: Каганат.     

Бөлүшүү:

Пикир

жети + беш =