Токтайым Үмөталиева эси барда этегин жапса

Каганат.

Кечээ жакында  Нарын облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу  өкүлчүлүгү Памирлик кыргыздарды кабыл алууга даяр экендигин билдирген. Оогандык кыргыздар деңиз деңгээлинен 4000 метр бийиктикте жашагандыктан бийик тоолуу Нарын облусунажайгаштыруу зарылчылыг келип чыккан, эгер өкмот тараптан көчүрүп келүү демилгеси болсо Нарындыктар Памирлик боордоштор үчүн  жер бөлүп бере алышаарын айтышкан. Өзүн укук коргоочу айым катары тааныштырып келген Токтайым Үмөталиева Памир кыргыздарын көчүрүп келүүгө каршы экендигин республикалык жалпыга маалымдооо каражаттарынын бирине билдирген. Анын айтымында, бул кыргыздар эзелтен ээлеп жашап келген Памир башка колдорго өтүп кетүүсүнө алып келип, Памир  азыр Ооганстанга караса дагы кыргыздарга тиешелүү жер болуп саналат имиш.

Атың чыкпаса жер өрттө болгон Үмөталиеванын башка кылаар иши жокпу. Анткени ансызда каңгырап бош жаткан Нарын облусунун аймагына боордошторду батырып алгандын эмнеси жаман. Кыязы Токтоайым айымдын боор тартуу дегенден эч нерсе калбай калгандай анткени 3000 ге жакын Памирлик кыргыздарды Кыргызстанга алып келүү менен өлкөнүн казынасы бөксөрүп калбайт, ансызда акыркы беш жылда кыргызстандык 5000ге чукул адам башка өлкөнүн жарандыгын алып кетишкен. Албетте андан башкабызды деле мамлекет кыйратып багып жиберген жок, эл оз оокатын өзү кылууда, ошол сыяктуу эле Памирлик боордоштор деле өз арабайын сого берет. Болгону кат сабатын жоюп,медициналык көзөмөлдө ар дайым болуп турат. 

Үмөталиева Памирлик кыргыздардын ден соолугун сактоого, турак жайларын оңдоого, билим алуусуна шарт түзүп, жаңы технология жеткирип, ошол жерлерди ээлеп жашап туруусуна жардам берүү зарыл деп билдирген экен. Чоң эле адамдын жаш баладай ушундай  пикир айтканы бир чети таң калтырса экинчи чети бооруң ооруйт. Демейде саясатты семичкедей чаккан адамдардай  түр көрсөткөн Үмөталиева ушуга кантип башы жетпей калсын. Ооганстандагы Памирге эмес Баткендег Зардалыга жол сала албай же мектеп сала албай жаткан өкмот ошол жакка жардам бергени оңбу, ошол жакка кеткен каражатка көчүрүп келген оң эмеспи. Айтса айтпаса төгүнбү Батыштын бейөкмөт уюмдарынын сөзүн көтөрө чапкан Үмөталиева карылыкка моюн сундубу же анткорлонуп атабы түшүнүкүз. Эмнеси болсо дагы эсиңиз барда этегиңизди жабыңыз дегенден башка сөз жок.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

эки × беш =