Ноорузга карата кыргызстандыктар 4 күн эс алышат

Каганат.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков эс алуу жана жумуш эмес майрам күндөрүн рационалдуу пайдалануу максатында КР Эмгек Кодексинин 113-беренесине, КРнын конституциялык мыйзамынын 10-17- беренесине ылайык жумуш күнүн которуу жөнүндөгү токтомго кол койду.

Токтомго ылайык 21-март Нооруз майрамын майрамдоого байланыштуу ишканалардын, мекеме-уюмдардын жана жумасына беш күндүк графикте эки күн эс алуу менен иштеген кызматкерлер үчүн 2017-жылдын 20-мартындагы жумуш күнү, 2017-жылдын 25-март жумуш эмес күнүнө жылдырылды.

Ошентип, кыргызстандыктар 18-март, 19-март, 20-март, 21-март күндөрү эс алышат.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

2 × 2 =