Аксы окуясында курман болгондордун туугандарына акча бөлүнөт

Каганат.

2002-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы окуясында курман болгондордун туугандарына жана жабыр тарткандарга жалпы суммасы 1 320 000 сом материалдык жардам берилет. Тиешелүү буйрукка Президент Алмазбек Атамбаев кол койгон.

Ага ылайык, курман болгондордун үй-бүлө өкүлдөрүнө жана жабыр тарткандарга 40 миң сомдон берилет. Жардамды жалпы бардыгы 33 адам алмакчы.

2002-жылы 17-мартта Аксыда эл кыргыз жеринин бүтүндүгү, үй-бүлөлүк, тоталитардык башкарууга каршы жөө жүрүшкө чыгышкан. Бийликтин огунан 6 киши курман болгон.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

7 − 4 =