Бийлик Аксы окуясын эскерүү жыйынында оппозиция өкүлдөрүнө сөз берген жок

Каганат.

Аксы районунунда өтүп жаткан Аксы окуясын эскерүү жыйынында оппозиция өкүлдөрүнө бийлик сөз берген жок. Бул тууралуу жыйындын катышуучусу Бакыт уулу Асан билдирди.

Бүгүн  Аксы районунун Боспек айылында Аксы окуясы эскерүү жыйыны өтүп, бул иш чара Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жана президент аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков баштаган бир топ бийлик өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Иманалиев, Алмамбет Шыкмаматов, экс-депуттар Азимбек Бекназаров, Равшан Жээнбеков жана убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси Эмилбек Каптагаев, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун барган.

Өлкө башчысынын кайрылуусу окулган соң өкмөт башчысына сүйлөп, ал эми эл алдына чыгып сүйлөөгө камынган Аксы окуясынын күбөлөрүнүн бири Турсунбек Акунду милиция кызматкерлери  өткөрбөй четке сүрүп чыгарып коюшкан.

Эске салсак 2002-жылы Аксыда нааразылык акциялар өтүп, алты адам каза болгон.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

13 − бир =