Салык кызматы Бирдиктүү салык декларациясын түн ортосуна чейин кабыл алат

Каганат.

Өлкөнүн салык органдары салык төлөөчүлөргө декларацияларын тапшырууда толук кандуу жана  ар тараптан жардам көрсөтүү максатында, ушул жылдын 20-мартынан тартып Бирдиктүү салык декларациясын түн ортосуна чейин кабыл ала баштайт.

Тактап айтканда, декларациялар бардык салык органдарында 20-марттан тартып 31-мартка чейин, майрам жана дем алыш күндөрдүн кошкондо, саат 09.00дөн 24.00гө чейин кабыл алынат.

Декларацияны иш убактыларында тапшырууга жетишпей калган салык төлөөчүлөр аны 18.00дөн кийин тапшыруу мүмкүнчүлүктөрү бар.

Эске салсак, 1-апрелге чейин жеке жактар 2016-жылы алынган кирешелер же жер тилкелери жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчет берүүлөрү керек.

Демек, үстүбүздөгү жылдын 1-апрелине чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларацияны тапшырууга милдеттүү.

Декларацияны өз убагында тапшырбагандарга 2000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

төрт + алты =