Абдыганы Эркебаев – Улуттук илимдер академиясынын президенти

0

Каганат.

“Тарыхы болбой эл болбойт, тамыры болбой жер болбойт” дейт кыргыз эли. Тарыхты билүү – мамлекетине салым кошуп, анда болгон өзгөрүүлөргө өбөлгө болгон инсандардын өмүр таржымалын кошо билүү менен барабар. Ар бир элдин, жердин улуу баяны болгондой эле ар бир адамзатынын басып өткөн турмуш жолу болот эмеспи. KAGANAT.KG сайты бүгүнтөн баштап тарыхта аты калган инсандар менен, ошондой эле азыркы учурда кыргыз элине башы көрүнгөн саясатчылар, маданият өкүлдөрү, коомдук ишмерлер менен тааныштырып турмакчы.

 

Абдыганы Эркебаев Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районуна караштуу Кара-Тейит айылында 1953-жылы 1-сентябрда туулган.

-1975-жылы КМУнун филология факультетин кыргыз тили жана адабияты адистиги боюнча артыкчылык диплому менен бүтүргөн.

-1976-жылдан Москвадагы М.Горький атындагы дүйнөлүк адабияттар институтунун стажеру, аспиранты болгон.

-Эмгек жолун Кыргызстан ЛКЖС БКнын пропаганда жана маданий-массалык иштер бөлүмүндө лектор болуп иштөө менен баштаган.

-1982–1985-жж. жана 1987–1988-жж. КЖПИде орус жана чет өлкөлүк адабияттар кафедрасынын улук окутуучу болгон.

-1985-жылдан «Кыргызстан маданияты» гезитинин башкы редакторунун орунбасары болгон.

-1988-жылдан Кыргыз ССРинин ИАсынын Тил жана адабият институтунун директору,

-1990-жылдан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты,

-1991-жылы КРнын Басма сөз жана маалымат министри,

-1992-жылы Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри,

-1993-жылдан Ош облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы,

-1995-жылдан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты,

-1997-жылдан Жыйындын төрагасы болгон.

-2000-жылдан КРнын ЖКнын Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы болгон.

-Кийинчерээк КРСУнун проректору болуп иштеди.

-2012-жылдын 11-апрелинде Кыргызстандын премьер-министри Өмүрбек Бабановдун буйругу менен Улуттук илимдер академиясынын президенти Шарипа Жоробекованын мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетүү боюнча жазылган арызына ылайык Абдыганы Эркебаев Улуттук илимдер академиясынын президентинин милдетин аткаруучу болуп мыйзамда аныкталган тартипте шайланганга чейин дайындалды.

-2013-жылдын 8-февралында Улуттук илимдер академиясынын президенти болуп шайланган.

Филология илимдеринин доктору, Кыргызстан Улуттук Илимдер Академиясынын академиги.

10 китептин жана адабият, искусство жана сая-сат боюнча 200дөн ашык макалалардын, рецензиялардын автору. 1980-жылдан тарта СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Өмүрлүк жубайы – Бурул Жаналиева;

Кызы – Гүлайым;

Уулдары – Азат, Аскарбек.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

алты − 3 =