Бишкек-Ош унаа жолунда унаа оодарылып мазут төгүлдү

Каганат.

ӨКМнин басма сөз кызматы билдиргендей, Кара-Көл шаарында күйүүчү май ташыган унаа жол кырсыгына кабылды.  

Маалым болгондой, 19-март күнү саат 11:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 408-чакырымында мазут алып бара жаткан “Жунда” фирмасына таандык күйүүчү май ташыган унаа жол кырсыгына кабылган. Анын кесепетинен ичиндеги 30 тоннадай мазут жолго төгүлгөн.

ӨКМнын №94 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барганда унаанын айдоочусу ордунда жок болгон.

Учурда Ички иштер министрлиги тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

5 × эки =