Эртең Нооруз майрамына карата көчөлөр жабылат (тизме)

 

Каганат.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, эртең 21-мартта  Нооруз  майрамында өткөрүлүүчү иш-чараларга карата Бишкек шаарынын бир катар көчөлөрү жабылат.  

 Маалым болгондой,  Термечиков көчөсү Гагаринден, Лев Толстойго чейин; Лев Толстой көчөсү Бахадан Фрунзеге чейин;

Гагарин көчөсү Бахадан Фрунзеге чейин;

 «Ала-Тоо» аянтынын аймагы; Киев көчөсү;

 Чүй проспектиси менен Фрунзе көчөсү Тыныстановдон Тоголок Молдого чейин.

Буга байланыштуу Ички иштер министрлиги айдоочуларды алдын ала башка жолдорду тандоого чакырат.

Нооруз күнү Бишкек шаарында коомдук тартипти эки миң милиция кызматкери көзөмөлгө алат. 

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

7 − беш =