Залкарлар ѳргѳсүнѳн Сабира Күмүшалиева

Каганат.

 Кыргыз маданиятына ат көтөргүс кызмат өтөгөн  Кыргыз Эл Баатыры  90 жаштык өмүрүнүн 73 жылын киного жана сахнага арнаган, кыргыз театрынын Умай энеси атыккан улуу актриса Сабира Күмүшалиева көзү тирүү болгондо быйыл 19-март күнү туура 100 жашка толмок. Бул тарыхий датаны утурлап, улуу актрисанын өмүр жолу тууралуу азын-оолак кеп салууну туура көрдүк.

Сабира Күмүшалиева турмуш босогосун алгач белгилүү жазуучу Күмүшалиев менен бирге аттайт. Бирок, жолдошу ошол кезде элдин башына түшкөн ааламаттын айынан, кан майданга аттанып, ошол бойдон көп жылдар дайынсыз кетет.

Канча жылдардан кийин, Сабира Күмүшалиева Муратбек Рыскуловго жолугуп, кудайдын буйругубу, айтор экөө баш кошкондон кийин, биринчи күйөөсү аман-эсен туз буйруп кайтып келет.

Экөө жолугуп сүйлөшкөн менен ортолорунда кандай сөз болгонун экөөнөн башка жан адам билбейт. Улуу адамдын улуулугун, айкөлдүгүн күнүмдүк жашоосунда да далилдеп, залкар актерубуз «ал кишиде күнөө жок, ошон үчүн Күмүшалиева бойдон кала бер», – деген сөзүнөн кийин Сабира апа биринчи жолдошунун фамилиясында Күмүшалиева бойдон калган экен.

Онтогондун ордуна монолог айтчу

“Мукем оору менен алпурушуп, дартынан айыга албай кыйналганда мага да жеӊил болгон жок. Катуу кыйналдым. Онтогондун ордуна монолог айтып турду, шумдугун кургур десе. Айыгып кетет, сакаят деген үмүтүм зор эле кантейин…

 

Ыйлап атып кошокчу да болуп кетим. Бир жолу спектаклден кеч келдик.  Мукем бир аз тук этип, “Сакиш, спектаклди жакшы аткардык ээ. Турчу. Айтсаӊ, бул репликаны – деп түн бир оокумда мени ойготуп алып анан экөөбүз кыйлага репетиция жасайбыз.

Эми “Оттелону” кандай ойнойт болдук экен. Көрө жатарбыз, кудай буюрса жакшы болот ээ, Сакиш: – дечү, кайраным».

Сабира Күмүшалиеванын Муратбек Рыскуловду эскерүүсү

Мыктынын мыктысы эле… Сахнада залкар актер, үйдө мыкты ата, ак көңүл, кишиге катуу сүйлөбөгөн, оор басырыктуу жан эле.. Экөөбүз “сен, мен” дешип, мага жаман сөз айтып, көӊүлүмдү калтырган жок. Мукем алып берген нерселер көзү өтсө да ошол бойдон күнү бүгүнкүсүндөй турат. Алмаштырбайм! Мукемин колу тийген нерсенин баары мен үчүн кымбат.

 Элдин эсинде мурунку Күмүшалиева бойдон калгым келет

Улуу актириса ооруп үйдө отуруп калганда да, ар дайым кийимди тандап кийип, ичинде (француз атыры, сандыгынын ачкычы, жүз аарчы жана жүз сом) салынган кичикей кара сумкасын коюп, жаӊы гана театрдан келгендей, такалуу туфлиси менен койкоюп гана сымбатынан жазбай отурганын жакындары ар дайым сыймыктануу менен эскеришет.

Кээде  оорукчан, кыйналып калбасын деген ойдо, эшикке коляска менен чыгарып келели деген балдарынын сунушуна, “мен элдин эсинде мурунку Күмүшалиева бойдон калгым келет”-деп такыр болчу эмес дешет.

Ооруп жатса да, үйүндөгүлөргө өзү менен бир учурашып, ал-акыбалын сурап бата алып кетели деген адамдардын тааныганын да, тааныбаганын да эшик астынан тостурбай, “киргизгиле, мен элдин кишисимин”-деп өктөм, буйрук бере сүйлөчү экен.

Торколуу той, күтүлбөгөн сунуш

Улуу актрисабыз 85 жаштын ашуусун ашып, торколуу тоюн белгилөө менен бирге кыргыз драма театрынын да бактысын ачып, талантына таазим кылып, кубанычтан толкуп турган элине кайрылып, «Кутман элим мен силерге бир эркелеп, Мукем сыяктуу нечендеген залкарлар иштеп, изин калтырган кыргыз драма театрына «улуттук» деген наам ыйгарып берүүӊүздөрдү ушул кутман куракта, куттуу сахнада туруп сурансам болобу?» деген сунушуна  элдин баары кубаттап кол чаабышып, ошондон он күн өтпөй Аскар Акаев «кыргыз драма театрына «улуттук» деген статус берилсин» деген буйрукка кол койгон экен.

Улуу актрисанын акыркы кол тамгасы

Жылдар жылып, айлар агып карылык өз өкүмүн жүргөзүп, ооруу менен алпурушуп жаткан учурда, кол тамга сураган журналистке, «Кагылайын кыргыз элим, мен силер менен! Аман-эсен болгула!» – деп кызы Нуржамал эжеге жаздыртып, аягына Сабира апаңар деп кол койгон экен.

Ошондон көп узабай эле 2007-жылы 14-сентябрда 92 жаш курагында ыйык орозо айынын, жума күнү өзү да бул жашоодон кетип жатканын сезип-сезбей уктаган боюнча, кайра турбай бул дүйнө менен кош айтышып, улуу элдин жаркыраган чолпон жылдызы өчүп, бул кол тамга, жүрөгү элим деп соккон кыргыздын дагы  бир кызынын элине болгон акыркы каалоо-тилеги, акыркы кол тамгасы болуп калды.

 Кызынын эскерүүлөрүнөн “Курицина дочка”, “уурдалган пальто”

Уулу  Искен жаңы эле үйлөнгөндөн кийин Сабира Күмүшалиева ооруп калат да, жаӊы келини Аселге «ургаачы тоок сатып келип, мага ысык шорпо даярдап берчи» дейт. Шаарда өскөн, орус мүнөз жаш келин «ургаачы тоок» дегенди түшүнбөй үйдөгүлөрдүн баарынан сурап чыгат.

Табалышпай же батынып актрисанын өзүнө сурай алышпай акыры айлалары кеткенде эрке кызы Нуржамал эжени киргизишет. Акырын, ал жайын сурап келип, анан апа, «ургачы тоок» деген эмне деген кызынын суроосуна, «эми кантем, эми кантип түшүндүрөм,  эч нерсени түшүнбөйсүӊөр да» деп кейип -кепчип, анан бир убакта «пусть курицина дочку купит» деген экен

Муратбек Рыскулов каза болгон жылдары тартип ушунчалык катуу болчу. Импорт кийимдерди жөнөкөй адамдар ала алчу эмес. Ошол кезде Сабира Күмүшалиева Бельгиядан келген пальтолорго ашык болуп жүргөн. Күйөөсү өлгөн Күмүшалиеванын көӊүлүн бир көтөрүп коелу дегенби, айтор, соода министрлигинен чалышып, «Силерге бир пальто даярдап койдук. ЦУМдан алып кеткиле» дейт.

Акчасын салып алып, кызы экөө ЦУМга жөнөйт. “Жолдон апам «Ушулар мени пальто алып атат деп милицияга карматкан аткан жокпу» деп чочулай баштады. «Койчу апа, министрликтен чалып атышса» деп жооткотуп койдум. ЦУМга жете бергенде колумдан мыкчый кармап, «Нуржамал, мына көрдүӊбү, булар бирдеме кылган атат» деп дүкөндүн эшигин кайтарып турган милицияны көрсөттү.

«Алар ушинтип кайтарышат» деп араӊ түшүндүрүп, лифтке түшсөк, дагы бир милиция кирди. Анда да колумду дагы бир мыкчыды. Ошентип пальтону кийип көрдү, алдык. Сатуучу баштыкка салып берип атса, «Нуржамал, баштыкты сен кармачы, ээ» деп шыбырап атпайбы, кайран апам.

Антпесе деле мен көтөрмөкмүн да. Мен пальтону көтөрүп үйгө кеттим, апам «Ак кемеге» тартылганы съемкага кетти. Жаӊы эле үйгө кирсем, эшик чырылдап калды. «Ким?» десем, «милиция» дейт. Коркконумду айтпагыла. Ачсам, формачан орус киши турат. Кирди дагы, аркы-беркини сурап туруп «я к Муке» десе болобу? Мен анда жашмын да, «Вы что незнаете? Муке умер» деп салдым.

Тиги киши бозоруп, тамга жабышты да, ылдый жыгылып баратат, чуркап суу алып келатсам, телефон чырылдайт. Алсам, апам экен «азыр, биякка милиция келиптир…» деп эле сөзүмдүн аягына чыгалекте «бер пальтону, акчасын да алба, ушуну көрмөкмүн, кийбей эле койдум ошол пальтосун» деген апамдын дирилдеген үнү чыкты.

Ага уудаа эле ары жактан «Көрдүӊөрбү, бул кемпир пальто уурдаптыр» деп Орозбек Кутманалиевдин тамашалай сүйлөгөнү угулду.

Суу ичип, өзүнө келгенден кийин тиги адам эмнеге келгенин айтып берди. Көрсө, атамдын баягы мылтыгын каттоодон өткөрүп коеюн деп келиптир да, байкуш. Ал кеткенден кийин апама түшүндүрсөм, шаӊдуу үн менен «Ай көрдүӊбү, пальто уурдалган жок. Мен эртеӊ жаӊы пальто кийип келем» деп мактанып атат” деп эскерет кызы Нуржамал  Рыскулова.

 Ал эмне кылып жүрөт

Кичирээк болсом керек. атам телевизордон хоккей көрүп жаткан. Апам ашканада  жүрсө керек эле. Атам оюндун кызуусуна кирип “Давай Джон Тошек, давай”-деп кыйкырып калды.

Анда апам, атама “ий, Жантөшев эмне кылып жүрөт ал жакта, кечөө  эле жаңы пьесаны жаттагыла деп бербеди беле”-деп жатпайбы.

 Көрсө апам, Джон Тошек деген оюнчуну Касымаалы Жантөшев деп ойлоп алыптыр. Негизи эле апамдын оюна койсоң кыргыздар баардык жерде жүрүшү керек болчу.

 Сени жаманатты кылып кетмей болдум

Ал эми кыргыздын алтын колдуу дарыгери  Мамбет Мамакеев залкар актерду ажалдан арачалап кала албагандыгын, оорусу өтүшүп, ооруканага кеч келип калганын айтат.

Муратбек Рыскуловдун ооруп жатканын угаарым менен ооруканага алып келип болгон аракетимди жумшадым, бирок, аппендицит болуп жарылып кетсе да, үйүндө кыйналып жата бериптир. Мен колумдан келгенин кылдым, ал киши деле өлөрүн билгенсип, “Болгон аракетиӊди жумшадыӊ. Сени жаман атты кылып кете бермей болдум окшойт” деген.

Ошондон көп өтпөй чач тарачтан чачымды алдыртып жатып, чогуу иштеген мастерлер бири-бири менен “Эл артисти Муратбек Рыскулов каза болуптур” дешип сүйлөшүп жатканын угуп калдым. Көзүм тунарып, уккан кулагыма ишенбей, эшикке атып чыгып, бакка сүйөнүп туруп калдым. Артымдан чачымды алып жаткан киши чуркап чыгып “али чачыӊды алып бүтө элекмин” дейт. Эртеӊ аласыӊ деп басып кеттим.


Мыкты киши, залкар актер эле. Ичим аябай ачышты. өтүшүп кеткен дарттан өмүрүн сактай албадым.


 Ал киши каза болгондо Усубаливдер үйүнө барып, сыягы врачтардын айынан каза болду дешсе керек. Байбечеси Сабира Күмүшалиева эстүү жан эле. “Мамбетте кенедей да күнөө жок. өзү Мамбетке айтпагыла деп үйдө жатып, өтүштүрүп  алды” дептир.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

15 − 12 =