Жумабек Ибраимов – окутуучудан премьер-министрликке чейин

0

Каганат.

“Тарыхы болбой эл болбойт, тамыры болбой жер болбойт” дейт кыргыз эли. Тарыхты билүү – мамлекетине салым кошуп, анда болгон өзгөрүүлөргө өбөлгө болгон инсандардын өмүр таржымалын кошо билүү менен барабар. Ар бир элдин, жердин улуу баяны болгондой эле ар бир адамзатынын басып өткөн турмуш жолу болот эмеспи. KAGANAT.KG сайты бүгүнтөн баштап тарыхта аты калган инсандар менен, ошондой эле азыркы учурда кыргыз элине башы көрүнгөн саясатчылар, маданият өкүлдөрү, коомдук ишмерлер менен тааныштырып турмакчы.

 

Коомдук-мамлекеттик ишмер Жумабек Ибраимов Чүй облусунун Кемин районундагы Жаңы-Алыш айылында 1944-жылы 1-январда туулган.

-ФПИни бүтүргөн. 1972-ж.1971–75-ж.ж. ошол эле институтта аспирант, окутуучу;

-1977–85-ж.ж. Миңкуш «Оргтехника» заводунун инженер-конструктору, башкы конструктор,башкы инженер, директору;

-1985–88-ж.ж. Балыкчы шаардык элдик көзөмөлдөө комитетинин төрагасы, Кыргызстан КП Балыкчы шаардык комитетинин 1-катчысы. Кыргызстан КП БКнын партиялык уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

-1991–92-ж.ж. уюштуруу комитетинин төрагасы, коопсуздук жана коргонуукомитетинин төрагасынын орун басары;

-1992–93-ж.ж. «Жанар» акционердик коомунун башкы директору;

-1993–95-ж.ж Бишкек шаардык мамлекеттик администратор башчысы;

-1995–96-ж.ж. Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик катчысы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

-1996-жылдан Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген рационализатору;

-1998-жылдын 4-декабрында Кыргыз Республикасынын премьер-министри.

1999-жылы 4-апрелде ашказан рагынан каза болгон.

Шайыр Искеновна Сагынбаева – жубайы

Ильяс Жумабекович Ибраимов – уулу

Нурдин Жумабекович Ибраимов – уулу

Абакир Жумабекович Ибраимов – уулу

Назгуль Жумабековна Ибраимова – кызы

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он беш − төрт =