Адамзатты “жинди” кылган футболдун тарыхын билесизби?

0

Каганат.

Бүгүнкү күндө наристе дагы футбол эмне экенин билбесе да буту менен топту тээп ары-бери чуркап жүргөнүн көрөсүң. Дегеле, бул оюндун кантип пайда болгонун жана канчадан бери биздин жашообуздан орун алганын баарыбыз эле биле бербесек керек. 

Алгачкы кадамдар 

Учурда спорттук оюндардын падышасы аталган футбол оюну качан пайда болгонун жана ким ойлоп тапкандыгы тууралуу так маалымат жок. Ошентсе да, орто кылымдын ХII кылымдарында эле Англияда пайда болгон.деген маалыматтар болсо, ошол эле учурда бул оюн Кытай жергесинде биздин заманга чейинки II кылымда Цуцзю (Бут менен тебүү) деген аталышта келип чыккан, кытай вариантындагы футбол эң байыркы оюндун бири болуп саналат дейт дүйнөлүк ФИФА футбол федерациясы.


Ал эми Британияда элдик көчө балдары тараптан ар жылы уюшулуп турган. Эскимостордун салты боюнча бул оюн “тунгатгак” деп аталып сууктун түшүшү менен күн сайын оюн болуп, караңгы түшкөнчө ойношкон. Ал убактагы футбол оюну учурдагы деңгээлден бир топ төмөн болгон.


Тактап айтсам, бир командадагы футбол оюнчулардын саны жүзгө жетип, жада калса андан да көбүрөөктү түзгөн. Оюн сүйүүчүлөр кез келген жерде, базар аянттарында, киши басчу тар жолдо бир топтун артынан кууп жүргөндүктөн бул оюнда эч кандай эреже болгон эмес.

Футболду сүйүп ойногону менен ден соолукка эч кандай пайдасы болбой,тескерисинче абдан зыян алып келип жана алардын өмүрүнө коркунуч туудурган. Футбол ойнолуп жаткан жердин жашоочулары алардын оюнунан жүрөк заада болушкан.

Себеби, эч нерсеге карабай топ тепкенде айнектеринен баштап үй ичиндеги идиш-аягына чейин талкаланып кеткен. Ошол себептен көп кабаттуу үйлөрдүн алдыңкы бөлүгүндө жашагандар тактай, фанералар менен терезелерин тосуп алууга аргасыз эле.


 Айылдарда дарыялар да футбол эч кандай тоскоолдук кыла алган эмес. Ал эле эмес агымы күчтүү сууга чөгүп кеткен учурлар кездешкени менен аны капарга да илип коюшпаганы таң калтырат. Англияга саякаттап барып калган саякатчы Гастон де Фуа англичандардын футболуна күбө болуп “алар оюн деп эсептеп жүргөн футболду, бир эле убакта уруш-талаш, мушташ деп атаса болчудай экен” деп өзүнүн таң калуусун жашырган эмес.


Бул мыйзамсыз оюн жогорку бийликтегилердин, феодалдардын көз жаздымында калбай, адамдардын бул кылган кылыгы үчүн Англия ханы Эдуард II 1313-жылы шаардын айланасында футбол ойноого катуу тыюу салган.

Ошол себептүү, футбол сүйүүчүлөр сүйгөн оюнун ойноо үчүн шаардын чет жакасына чыгууга туура келген. Эдуард III болсо бул апааттуу оюн үчүн барган адамдарга, пайдасыз жана мыйзамсыз футбол оюнун ойногондорго таптакыр тыюу салса, 1389-жылы Ричард II өзүнүн падышалыгында футболду сүйүп ойногондорго аябай оор жазаларды, ал тургай өлүм жазасын колдонгонго чейин барган.

Ар кандай каршылыктарга, тыюу салууга карабаган калк өзүнүн оюн эч кимге бербестен футбол ойноону уланта беришкен. Беттегенин бербегендиктин натыйжасында 1592-жылы Шотландиянын бийлик өкүлү, 1603-жылы Англиялыктар футболго тыюу салууну токтоткон.

1863-жылы Англия футбол Ассоциациясы футболго жаңы эрежелерди толуктоолорду киргизүүнү туура көргөн. Бирок “үйрөнгөн адат калабы уйга жүгөн салабы” демекчи жаңы эрежелерге бир топ убакыт моюн сунбай, ал эрежелерди колдонгондон баш тартышкан.

Алгачкы топту эмнеден жасашкан? 

Дүйнөдө үч жинди болсо алардын бирөөсү футболисттер деген экен. 22 киши бир топтун артынан кууп жүрсө андан өткөн жинди барбы деп ойлошкон. Чындыгында ошол топтун артынан кууп жүргөнү менен ал оюндан өздөрүнө чоң ырахат ала алышкан. Ал убакта тээп жүргөн топтору жаныбарлардын терилеринен жасалган.


1862-жылы ойлоп табуучу Лайндон биринчи жолу резинадан жасалган топту жасаган. Ал териден жасалган топко караганда бир топ ыйгайлуу жана сапаттуулугу менен айырмаланган. Кийинчерээк футбол тобунун диаметри 68,6-71,1 см. түзсө салмагы 14-16 унцийден ашпоосу жана кемибеши керек экендиги жөнүндө мыйзам кабыл алынган.


Кызыктуу фактылар 

1938-жылы 9- апрелде Би-би-си биринчи жолу футболдук матчтан дүйнө жүзүнө түз алып көрсөткөн. Ал оюнда Англия жана Шотландия курама командаса беттешкен болчу.

2002-жылы дүйнөлүк кубоктун финалдык матчына 1 млрд. 100 млн. адам сыналгы аркылуу күбө боло алышкан. Бул көрсөткүч планетада жашагандардын 1/6 бөлүгүнө барабар. Ошол эле учурда Бразилия Жана Бельгия курама командаларынын бетешинде түрмөлөрдүн күзөтчүлөрү да ушунчалык футболго берилип кеткендиктен 48 кылмышкер түрмөдөн качып кетүүгө үлгүргөн. Кошумчалай кетсем, алдардын бирөөсү да кармалган эмес.


2003-жылы Габриэла Ферейра Бразилия радиосунда футбол баяндамачысы болуп иштей баштаган. Эң кызыгы ал учурда болгону 10 жашта болчу.


“Аделаида Сити” командасынын оюнчусу Дэмьен Моринин “Сидней Юнайтед” командасы менен болгон оюнда киргизген голу эң бат киргизилген гол болуп саналат. Дэмьен оюн башталгандан 3,67 секунд өтпөй каршылашынын дарбазасына гол киргизүү менен рекорд койгон. Андан сырткары Англиянын курама командасынын 20 жаштагы оюнчусу Брайан Робсон 1982-жылы Дүйнөлүк Кубокто Франциянын дарбазасына 27 секундан кийин, 2002-жылы дүйнөлүк Кубокто Турциянын кулуну Хакан Шукур 11 секунддан соң каршылашына гол урса, 1993-жылы Сан-Марионун оюнчусу Англияга каршы мелдеш башталгандан кийин 8,3 секунд өтпөй гол киргизип тарыхта калышкан. 

1995-жылы Бразилия чабуулчусу Роналдонун мурдагы аялы топту башы, буту, денеси менен абада 9 саат 6 мүнөт кармап рекорд койгон.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

8 − 3 =