Amnesty International жөө жүрүшкө чыккандарды коё берүү керектигин билдирди

0

Каганат.

Эл аралык укук коргоочу Amnesty International уюму Кыргызстандын бийлигин тез арада жөө жүрүшкө чыккандарды коё берүүгө чакырды. Бул тууралуу алардын кайрылуусунда жазылган.

Укук коргоочулар сөз эркиндигин колдоп жөө жүрүшкө чыккандарды камакка алуу тууралуу соттун чечими эл аралык нормаларга туура келбей тургандыгын билдирди. Анткени сотто кармалгандардын укугун коргоочу жактоочу болгон эмес. Мындан сырткары көз карандысыз байкоочуларга соттук отурумга катышууга уруксат беришкен эмес.

Amnesty International жарандык активисттерди атайын кармаганын жазган. Укук коргоочулар мындай кадамдар жөө жүрүштүн өтүүсүнө тоскоол болуп, келечекте боло турган тынчтык митингине карапайым калктын катышпоосу үчүн аларды коркутуу үчүн бийлик тарабынан жасалганын билдирди.

“Алар тезинен коё берилиши керек. Жөө жүрүштүн катышуучулары эч кандай мыйзамды бузушкан жок, алар эрте эле бийликке тынчтык акциясы тууралуу билдирүү жиберишкен”,-деп жазылат билдирүүдө.

18-мартта соз эркиндигин коргоо боюнча жөө жүруштө 5 жарандык активист кармалган. Свердлов райондук соту активисттер Мавлян Аскарбеков, Айбек Мырза, Расул Умбеталиев, Азамат Аттокуров жана Мухит аттуу жаранды убактылуу кармоочу жайга беш күнгө камоо чечимин чыгарган.

Булак:Каганат

 

 

Бөлүшүү:

Пикир

2 + 17 =