Бүгүн «Ата Мекен» партиясынын Атамбаевдин үстүнөн жазган арызы каралат

0

Бүгүн, 23-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда  «Ата Мекен» партиясынын президент Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн жазган арызы  каралат. 

Белгилей кетсек, «Ата Мекен» партиясы мамлекет башчыны   6-март күнү «Ала-Арча» резиденциясында маданият кызматкерлерине сыйлык тапшыруу учурунда атйкан сөзү боюнча сотко арыз менен кайрылган. Анда Атамбаев «айрым сасык партиялар» деген сөздү айткан эле. «Ата мекенчилер» бул сөздөр алардын партиясына айтылган деп эсептешет.

Президент 15-мартта бир катар элчилерден ишеним грамоталарын алып жатып, «айрым кыргыз тилин түшүнбөгөн адамдар, айтылган сөздү туура эмес кабыл алып сотко кайрылып жатат» деп жооп берген.

Бөлүшүү:

Пикир

он + он сегиз =