Эл эмне дейт? Абдыжапар Аккулов: “Өзүбүзгө сак болуп, башка күнөөлүүнү издебесек”

0

Каганат.

Урматтуу окурман, KAGANAT.KG  сайтты өлкөбүздө, коомдо болуп жаткан окуяларга кайдыгер карабаган жарандарыбыз үчүн атайын Элдик пикир аттуу рубрика ачты. Эгерде сиз өз “чындыгыңызды” коомчулукка жеткире албай жатсаңыз же сиз окурмандарга маанилүү кеп-кеңеш айткыңыз келсе анда бул рубрика сиз үчүн!

Бүгүн эртен менен авторадиодон мурдагы союз таркагандан кийин биздин МЧСке караштуу 4 вертолет болгонун, алардын үчөөсү ар кандай шарттарда кулап, ал эми калган бир вертолет да ремонту жок пайдаланылбай турганын уктум. Анан түз эфирдегилерге суроо берген бирөө “Кыш келгенде нарындыктар январга чейин төмөнүрөөк кыштоого көчүп түшсө болбойбу, минтип эми тоютубуз жок деп тоонун башында жатып алып Өкмөттү кыйнабай?” деп атпайбы…   

Кыргызстандын географиялык жайгашкан орду Жер бетиндеги мээлүүн алкактын параллелдеринин чегинде болуп, буга кошумча кескин континенталдык шартта, тактап айтканда, бекерден Борбор Азия деп айтылбаган аймактын да чок ордосунда, океан-деңиздерден алыс, алардын таасиринен калыптанган климатка көз каранды эмес, тескерисинче, кургактык аймактардын, ири тоо рельефтеринин, бийиктик алкактуулуктун, тоо капталдарынын түрдүү экспозицияларынын, атмосфералык жаан-чачындын кенен диапазонунун таасириндеги климат үстөмдүк кылган, жылдын төрт мезгили өз маалында алмашкан аймакта экендиги өзүнчө образдуу кайталангыс жана контрасттуу жаратылышты пайда кылган десек болот.


Кайсы-бир мезгилдер аралыгындагы биздеги геологиялык экзогендик процесстердин (кургакчылык, шамал, жаан-чачындын көп түшүүсү, жер жана кар көчкүлөрү, жерлердин жарылып-жарака кетүүсү, сел, суу ташкындары, таш кулоолор ж.б.) климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу ар кандай мүнөздө кайталанып турушу бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш экендигине маани берүүбүз зарыл. Илгерки замандарда кат-сабаты жок болсо да Ата-Бабаларыбыз “Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда болот жер жаңы”, Ээн талаага көл бүтөт, токой жоголуп чөл бүтөт” деп бекеринен айтышпаса керек эле.


Андыктан бүгүнкүдөй социалдык катаал шарттарда өзгөчө тоолуу айылдарда жашаган замандаштарыбыз да Өкмөт менен МЧСти карап эле отура бербей, жаратылыштын мыйзамдарына да терең маани берип, “Кудай да сактанганды сактайм деген”, “Сактыкка кордук жок” сыяктуу кынтыксыз туура айтылган нарк-насилди унутушпаса дегим келет. Баарыбыз эле көрүп жүрөбүз да, айрым тоолуу айылдарда адамдар турак-үйлөрдү, чарба курулуштарын сел, көчкү ж.б. коркунучу бар жерлерге эле куруп алгандарын дапдаана байкоого болот.


Жергиликтүү бийликтер бул багытта эл менен таптакыр түшүндүрүү иштерин жүргүзбөгөндүгү көрүнүп турат. Кара-Кулжа районундагы бир айылга барчу кыя жолду илгертен бери “Келин тайгалак, кемпир жөргөлөк” деп аталып келатканынын эле өзү көп нерседен кабар берип турбайбы! Бул өңдүү “кокуй” жерлерибиз канча?!


Туңгуч Президент А.Акаевдин тушунда өзүм туулуп-өскөн Жалпак-Таш аймагындагы Кара-Тарык-Сөгөт айылындагы жер көчкү 38 адамдын өмүрүн бир заматта жалмап койгондугу азырга чейин канчабыздын жүрөгүбүздү зыркыратып келет. ошол жыл да жаан-чачындуу болгондугун айта кетейин. Мына, быйыл да жаан-чачындын нормадан ашык түшүүсү жаз келип-келе электе ар кайсы аймакта кар жана жер көчкүлөрүнүн активдешип жаткандыгын шарттоодо. Күн алыс Алайкуу, Алай, Нарын, Өзгөн, Майлы-Сайда, Ош-Бишкек жолунун тоолуу участкаларында жүз берип жаткандыгын угуп-көрүүдөбүз. Турак-үйлөрдү, чарбалык курулуштарды кыйратып, эл каттаган ички жолдорду бузуп, адам өмүрүн алып кеткен учурлар улам кайталанууда…


Менимче мына ушул маселе боюнча азыркы учурда кечиктирилбестен ушундай кооптуулук мүмкүндүгү жана тобекелдиктери бар аймактарда, бала бакчадан, мектептен баштап, айылдардын жашоочуларынын арасында, жалпы эл ичинде жана коомчулукта профилактикалык иш-чараларды, коркунучтардын алдын алуу боюнча мындай учурларда кооптуу жерлерге барба, жаман жолдон өтпө, туура эмес жерге конуш салба деп түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү масштабдуу күчөтүү максатка ылайык болмок!


Бул чакырыгым эң биринчиден өйүз-бүйүз болуп алып кырчылдашып ар убак саясаттан колу бошобогон, эл менен таптакыр иши болбой калган бийликктегилерге, Жогорку Кеңештин депутаттарына, жергиликтүү бийликтин чиновниктерине жетсе дейм! Албетте, окуучулар, мугалимдер, ишкерлер, жаштар, карылар да, биз баарыбыз карап турбай мындай иш-аракеттерге жапатырмак колкабыш кылып олуттуу маани бергенибиз өз учурундагы туура иш болоор эле дейм. “Жаман айтпай, жакшы жок” дейт эмеспи, элибизде…

Автор: Абдыжапар Аккулов

Бөлүшүү:

Пикир

3 × 1 =