Беш суткага камалган 5 активист бошотулду

Каганат.

  Сөз эркиндиги боюнча жөө жүрүштө 5 суткага камалган 5 активист бошотулду. Аларды сырттан кесиптештери, жакындары тосуп алышты.

 Кармалгандардын  катарында «Эркин эл» партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков, экономика боюнча талдоочу Азамат Аттокуров, энергетика жаатындагы эксперт Расул Үмбеталиев менен жарандык активисттер Айбек Мырза менен Мухит Мамытов болгон.

Алар  кармоо шарты абдан  начар болгондугун айтышты.  Мавлян Аскарбеков: “Бир камерада 20дай адам кармалдык. Оору жугуп калбашы үчүн биз дезинфекция жүргүзүү үчүн текшерүүдөн өтөбүз. Маалымат жыйын өткөрүп, кенен маалымат бермекчибиз”, – деди.  

 Маалыматка ылайык,  27-март күнү маалымат жыйын берип, ошол жерде толук билдирүү жасашат.

Эске сала кетсек, 18-сентябрда өткөн 8 Саясий укуктар жана сөз эркиндиги үчүн деген ураан менен жөө жүрүш болгон. Ага катышкандар бийликти ММКларга басым кылууну токтотууга чакырышкан. Анда коомдук тартипти бузду деген негиз менен беш активист кармалып камакка алынган эле.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

төрт + он тогуз =