Атамбаев: “Биздин үйдө демократия. Кандай кааласа ошол ысымды коюшсун”

Каганат.

Президент Алмазбек Атамбаев жээн небересинин ысымы ким болорун билбей турганын журналисттерге билдирди.

Айтымында, балага ысым тандоону анын кызы жана күйөө баласы чечиши керек.

“Биздин үйдө демократия. Кандай кааласа ошол ысымды коюшсун. Ат тандоого дагы бир ай убактылары бар”,-деди Атамбаев.

Мамлекет башчынын кызы Алия Шагиева 22-мартта уул төрөгөн. Кечээ алар төрөт үйүнөн чыгышкан.  Доктурлар ымыркайдын жана энесинин абалы жакшы экенин билдиришкен.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

төрт × 3 =