Бейшенбек Иманалиев: “Эмгегимдин үзүрүн эми көрүп жатам”

10

Каганат.

Кыргызстанда жыл өткөн сайын заңгыраган кабат-кабат үйлөр салынып жатканы баарыбызга белгилүү. Ал көп кабаттуу үйлөрдү курдуруп жаткан компаниялардын ээси ким экени, алар бийик даражага кантип жеткени, кандай жолдорду басып өткөнү тууралуу маалыматтар көпчүлүккө кызык эмеспи. Бүгүн маектөрбүздүн коногу Кыргызстанда ийгиликтүү иштеп жаткан курулуш компаниялардын катарын толуктап келген “Имарат Строй” компаниясынын жетекчиси Бейшенбек Иманалиев болду.

-Ар бир адамдын келечекке пайдубалы балалыкта түптөлөт. Бала кезде ким болсом деп кыялданчу элеңиз?

– Балалыгыма көз чаптырсам, 1-класска кирген учурдан тарта эсимде. Бала кезимде ким болом деп деле көп ойлонбоптурмун. Мен чоңойгон Чекилдек айылы кичинекей эле айыл, классыбызда болгону 13 бала окучубуз. Ал учурда жакшы окусаң кетмен чаппайсың, койчу болбойсуң деген түшүнүк бар болуп, окуган адам мугалим, эсепчи болот дечүбүз.

Математиканы абдан жакшы билчүмүн. Райондук гезитке, “Кыргызстан пионери” гезитине макалаларды жазып жүрдүм. Математиканы жакшы билгендиктен окуучулардын арасында аброюм бийик болчу. Мен 8-класс болгон мезгилде элдин баары техникумдарга тапшырып, билим алып жаткан маал болчу, мен дагы чоң окуу жайга өтсөм деген гана кыялым болгон.

-Курулуш тармагына кантип келип калдыңыз?

-Айылыбыздагы мектеп 4-класска чейин эле окуткан кичинекей мектеп эле. Айыл эли чогулуп, ашар жолу менен чоң мектеп курмай болушту. Ар бир үй-бүлө ылайдан миңден кирпич куюп бермей болушту. Калган ишти совхоз мойнуна алды. Мен 7-класс болгондо атам менен бирге миң кирпич куюп бердик, ал мектептин фундаментин куюп башташты, курулуш тууралуу түшүнүк пайда болду.

Андан соң элдер 3-4 бөлмөлүү кылып там сала башташты. Ата-энем көп балалуу болуп, Ата Мекендик согушка катышкандыктан ден-соолугу дагы начарыраак эле. Апам биз элдей там сала албайбыз дегенине карабай, атам намыстанып үй баштап калдык. Фундаментин өзүм куйдум, ошол тамды өзүм көтөрдүм. Математика, геометрия, чийүү сабактары дагы жакшы түрткү болду.

Анан кайсыл кесипти тандаарымды билбей жүргөн мезгилде биздин айылдын менден 2 жаш улуу бир-эки бала политехникалык институтунун даярдоо курсун бүтүп, ошол институтка өтүп калышты. Мен математиканы жакшы билем, мен деле ушул институтка тапшырайын деп, экзамендерди жакшы тапшырып өтүп кеттим. Инженер-куруучу адистигине ээ болдум.

-Эң алгачкы тапкан акчаңыз же айлык маянаңыз эсиңиздеби? Аны эмнеге жумшадыңыз эле?

– Эркек балдардын улуусу болгондуктан эмгекке эрте аралаштым, кара жумушка быштым. Ал учурда эрте менен эрте эмгекчилер ойгончу эле. Ал убакта трактор да аз болгондуктан арабаларына чөп чапкычтарын, тырмоолорун сүйрөтүп чыгышчу, үйдө калгандар уйларын бадага кошуп, айтор күндүн нуру көрүнө баштаганда эле кызуу иштер башталаар эле.

Анан аксакалдар эшектерин минип алышып, чалгыларын алып чөп чапканга кетишип, аялдар чөптү чөмөлөгө чыгышчу. Мен да алар менен иштейм деп чөмөлөгө чыгып алдым. 5-классты бүткөн кичине баламын да, суу жээкти бат эле чөмөлөп коюшат, аялдардын баары эле мага жарма, айран, нандарын көтөртүп алышчу. Ошентип 26 күн иштеп 18 рубль тапкам. Акчаны атам кармачу, аны атама бергем. Атам балам чоңоюп калыптыр деп абдан сүйүнгөнү эсимде.

-Иш күнүңүз кандайча башталып, кантип аяктайт?

-Мен бул фирмада акыркы 3-4 жылда физикалык жактан кыйналбай иштеп калдым. Баарын жолго салып алдык. Азыр 3 ЖЧКлар бар. Бетон чыгарган заводубуз бар, пластиктен эшик-терезе жасоочу цехибиз, оймолуу-чиймелүү темирлерди жасачу, жыгач иштетчү цехтер бар. Алардын баарына такшалган, тажрыйбалуу кызматкерлер иштетишет.

“Имарат Строй” жана “Имарат Прогресс” компанияларын уулдарым башкарат. 23 жаштан 65  жашка чейинки адамдар компаниябызга салымын кошуп келишет. Мыкты команда чогулгандыктан жумушума көп кабатыр болбойм. Иш күнүм саат 9:00дө башталып, кечинде саат 18:00дө бүтөт. Мурун фирманы түзүп жатканда абдан көп эмгектенип, эми жемишин көрүп жатам.

-“Ачуу душман акыл дос” деген макал бар эмеспи. Жиниңиз келгенде кимден чыгарып аласыз жана ачууңузду кантип басасыз?

-Мен негизи адамгерчиликтүү болгонго, улуусуна дагы, кичүүсүнө дагы сый мамиле жасаганга аракет кылам. Айрымдар менен кызаңдап, урушканга чейин барган маалдар жокко эсе. Ал эми командама болсо өз ишин так билген адамдарды чогулткам, ошондуктан ачуума тийген кызматкерлер жок. Ал эми өндүрүштө кеткен катачылык учурунда ачууга алдырбай маселени чечүүгө аракет кылам. Иш учурунда маселе болсо мага кирип, кеңеш сурап, маселени чогу чечели деп айтам.

Ал эми жай турмушта кээде катуураак кеткен учурларым болот. Жөнөкөй жумушту тескери жасап коюшса күйүп кетем, тилим дагы чыгып калган учурлар болот. Бирок ачуумду кантип басканымды деле байкабай калам. Катуу сүйлөп ачуумду чыгарып алып, аны бат эле унутуп калам. Оюн ачык айтпай, ачууланып жүргөн адамдардан эмесмин, шарт эле айтчумду айтып салам, албетте дипломаттык тил менен, бирок мындай абал өтө сейрек болот.

“Ийилгенге ийилгин атаңдан калган кул эмес, какайганга какайгын ал кудайдын уулу эмес” дегендей абалга жараша мамиле кылам ар бир кишиге.

-Жашооңуздагы кайсы бактылуу күнүңүздү кайрып алгыңыз келет?

-Балалыгымды кайрып алгым келет. Чекилдек айылында Кочкор суусун жээктеген сонун токой бар. Айылыбыздын тегереги саз. Балалыкта жылаңайлак ошол сазда ойноп, гүл терип, чымчыктардын уяларын издеп, аны кайтарып, туптунук сууга түшүп, жашыл шиберди тебелеп жүргөн күнүмдү кайрып алгым келет.

Совет мезгилинде окууну бүтсөк жумуш даяр, кыялдарым абдан көп болчу эле. Студенттик кезде кинотеатрларга чогулуп, жаштыгыбызды жакшы өткөрчү элек, ошол маалды кайтарып алгым келет.

– Жубайыңызга көп каражат коротосузбу же унааңызгабы?

-Акыркы жылдары чет элдин унааларын минип калбадыкпы. Баасы кымбат болгону менен көп оңдоп убара тартпайсың. Убагында фирманы ачып жатканда эски унаалар менен жүрүп, оңдоого эле бир топ каражат кетчү эле. Азыр андай эмес, май куйганым эле болбосо.

Ал эми байбичеме келсем көп кыйынчылыктарды башыбыздан өткөрдүк. Атам эрте өтүп кеткендиктен бир туугандарымдын түйшүгү бүт мойнумда болду. Жубайым экөөбүз түйшүктүн көбүн тарттык. Эми байбичемден эмнени аяйт элем. Каалаган алтынын тагынсын, каалаганын кийсин, астында унаасы бар. Салыштырып карай турган болсок, анда байбичем менен унаама короткон каражат бирдей эле го дейм. 

-Жашоодогу эң чоң жетишкендигиңиз…

-Бала кезимден эле математикага шыктуу болуп, институтту бүткөнүмдү чоң жетишкендик деп санайм. Экинчиси институтту бүткөндөн кийин коммунисттик партиянын катарына өткөнүмдү айтсам болот. Себеби ал кезде жогорку билимдүү адистерди оңой менен партияга алчу эмес. Саанчы, тракторист, жумушчуларды көтөрмөлөчү. Тобокелчиликке салып 20-30 баладан комсомолдук жаштар бригадасын түздүм.

Бригадабыздын иши илгерилеп, Нарын облусунда белгилүү болуп калдык. Анан ошол жерде коммунисттик партияга өттүм. Партиялык уюмдун секретары, 5 жылдан кийин башкы инженер болуп, райондогу “Райсельремстрой” ишканасына жетекчилигине чейин жеттим.

Ал жерде 8 жыл иштеген соң союз кулады. Курулуш токтоду. Анан жакшы жашоо издеп Бишкекке көчүп келдим дагы эски техниканы сатып алып, фирмамды түзүп баштадым. Курулуш компаниясын түзөбүз деп Бишкекте эле 500гө чукул адам лицензия алып, алардын көбү бул тармакта орун тапкан жок. Учурда 600гө жакын адамды иш менен камсыз кылып жатабыз. Ушунун баарын эле жетишкендигим деп санайм.  

-Компанияны түптөп жатып, баарына кол шилтеп басып кетүүнү каалаган учуруңуз болду беле?

-“Азат” корпорациясында 2 бөлмөнү ижарага алып ишимди баштагам. Эч нерсем жок болчу. Өтө көп кыйынчылыктар болду. Бирок талбай иштей бердим. Ал убакта Бишкектин жолдору дагы бир шумдук болчу. Бирок ишимди таштап кетүүгө жол жок болчу. Бирөөгө барып жалданып иштегенден намыстандым. Анткени Кочкордо жетекчи болуп иштеп жүрүп, бирөөнүн кол алдына иштей албайт болчумун.

-Акыркы жолу көзгө жаш алган учуруңузду эстей аласызбы?

-2000-2001-жылдар эле, фирманы түзгөнүмө бир жыл болгон. Жумуш жок. Анан таза суу долбооруна тендер жарыяланып калды. Башкы эсепчимди ээрчитип алып бардык, тендерден утпай калдык. Мени сынап, байкап жүргөн тааныштардын көзүнчө өтө намыстандым. Эркек кишини намыс гана ыйлатат окшойт.  

Тендерди жеңем деп даярданып алганым менен утушка ээ болбой калып, жумушум токтоп, фирмам жабылып калабы деп ызама чыдабай унаама келдим, ошондо көзүмө бир аз жаш алдым.

-Учурда “Имарат Строй” компаниясы эл үчүн мыкты үйлөрдү салып келет. Ал эми өзүңүздөр кандай үйдө жашайсыздар?

-Өзүм 2005-жылы революцияга чейин Көк-Жар конушуна үй салдырган элем. Байбичем, балдарым кийинки учурда там жөнөкөй болуп жатат, жасалгасы эски болуп жатат, башка жакка үй салалы деп калышты. Бирок коңшуларым өтө жакшы адам болгондуктан ал жерден кетүүнү каалаган жокмун. Былтыр оңдоо иштерин жүргүзүп, үйүбүздү оңдоп алдык. Кудайга шүгүр жаман эмес.

-Кызыктуу маек куруп бергениңиз үчүн рахмат!

-Сиздерге да чоң рахмат! Ишиңиздер ийгиликтүү болсун!

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

10 билдирүү

  1. Дастан 24 Март, 2017 at 23:03 Жооп берүү

    Эй Каганат. Силерда акыйкаттан тайып ушундай белгисиз инсандарды чыгара баштадынарбы? Мисалы бул ким экенин озунун жакын кишилери эле билбесе эч ким билбейт. Уй куруп элге кымбат сатып жургон бироо болсо керек да. Же силерге да бир квартира бердиби?

  2. Алмаз 25 Март, 2017 at 16:18 Жооп берүү

    Жогоруда кооментарий жазгандар ичинер куйсо туз жалагыла да. Ушул адамдай болуп килтейген фирма ачып алып анан суйлогулочу. Мамлекетке канча салык толоп жатат.

  3. Аяна 25 Март, 2017 at 16:19 Жооп берүү

    Имарат строй деген эмне деген кишини иш менен камсыз кылып жатат. Бул киши абдан кыйын киши экен. Ушундай клмпанияны туптош оной эмес. Ийгилик!

  4. тынара 28 Март, 2017 at 19:00 Жооп берүү

    Бейшенбек мырза, кыргыздын татыктуу уулдарынын бири деп угуп журом. Иши илгери болсун Жакшы маек болуптур

  5. Конурат 28 Март, 2017 at 19:01 Жооп берүү

    Укмуш ичибиз куйуп Кочкордун тузунан бир машине тогуп алып жалап жатабыз? Биринчи бул ким экенин айтып койгула анан туз жалайлы уйдо баатыр жоодо жоктор

Пикир

он төрт − 12 =