“Метро” супермаркетинде ун, туздар көрсөтүлгөн салмагынан аз болуп чыкты

 

Каганат.

Бишкек шаарында жайгашкан “Метро” супермаркетинде ун жана туз  көрсөтүлгөн салмагынан аз салынган фактылар аныкталды. Бул тууралуу Мамэкотехинпсекциянын Метрологиялык көзөмөл башкармалыгынын пландуу текшерүүсүндө белгилүү болду.

Соода жайында күнүмдүк турмушта колдонулуучу  ун, туз, таттуулар, нан жана макарон азыктары текшерилген. Натыйжада  “Цесна” жана  “Рола” ишканасынын 2 кг ун баштыкчаларында ун 90 -100 грамм аз салынганы аныкталды.

Ошондой эле “Береке” туздары салмагы белгиленген көлөмүнөн  аз болуп чыккан.

“Жеринде Мамэкотехинспекциянын инспекторлору тарабынан актылар толтурду. Учурда материалдар чогултулуп, мыйзам бузуулар боюнча чараларды көрүү боюнча иштер активдүү жүрүп жатат”,-деп жазылат билдирүүдө.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он төрт + жыйырма =