Жасалма атыр менен чыныгы атырды айырмалоонун 7 жолу

0

Каганат.

Учурда косметикалардын бардык түрүнүн жасалмасы чыгып жаткан учур. Ал эми атырлар сап башында турат эмеспи. Канчалык фирмалардын атырын алып, гүл жыттангыңыз келип чоң-чоң дүкөндөрдөн соода кылсаңыз дагы айрым учурларда жасалма атырга кабылып көңүлүңүз чөккөн учур көп эле болсо керек. Төмөндө Жасалма атыр менен чыныгы атырды айырмалоонун 7 жолу

Атырдын кутусу оролгон целлофан

Атырдын кутусу оролгон целлофан эч кандай бырышсыз болуп, тыкан оролушу зарыл. Ошондой эле клейдин издери болбошу керек.

Кутунун ичиндеги картон

Оригинал атыр чыгарган компаниялар атырдын кутусунан каражат аяшпайт. Эрежеге ылайык, чыныгы атырлардын кутусунун ичинде картон болушу керек. Ал атырдын идишинин сынуусун, шалактап туруусун алдын алат.

Кутудагы жазуулар

Мисалы кутунун экологиялык жактан зыян эместигин билдирген белги (тегеректи түзгөн эки жебе) туура болушу шарт: каралжын жебе үстүндө болушу керек. Ошондой эле башка бардык жазуулар сапаттуу болот

Дизайн

Жасалма атыр чыгаргандар атырдын идишин чыныгы атырларга окшоштурууга аракет кылышат, бирок соттук териштирүүлөрдөн качып айрым тамгаларды өзгөртүп коюшу ыктымал. Ошондой эле логотипти жана башка белгилерди азыраак өзгөртүшөт.

Капкак

Атырдын капкагы жакшы жабылып, шалактап турбоосу керек.

Серия номери

Атырдын идишине чапталган серия номери кутусундагы номер менен бирдей болуусу кажет.

Айнек

Чыныгы атырды колуна кармап көргөн адам муну дароо айырмалайт. Айнек тегиз болуп, бардык жагынан караганда калыңдыгы бирдей болушу зарыл.

 

Акырында дагы бир кеңеш. Эгерде атырдын жасалма эмес экенин билгиңиз келсе аны сатып алган соң муздаткычка салып коюңуз. Эгерде бир нече убакыттан соң атырдын өңү бозомтук тартып калса, тилекке каршы сиз жасалма атырды сатып алгансыз.

Булак: Каганат

 

Бөлүшүү:

Пикир

бир × 5 =