Жапаровду колдогон митингде канча адам кармалганы белгисиз

0

Каганат.

Садыр Жапаровду колдогон митингде канча киши кармалганы белгисиз. Байкоочулардын айтымында, 50дөн ашуун адамды милиция кызматкерлери кармап кетишти, укук коргоо органдары болсо так маалымат берише элек.

Садыр Жапаровдун тарапташтары УКМК имаратына кирүүгө аракеттенишкени менен эч кандай майнап чыккан эмес.

Андан соң асманга ок атылып, көздөн жаш агызуучу газ колдонулду.

Кармалгандардын арасында экс-акыйкатчы Турсунбек Акун да бар.

Садыр Жапаров 3 жылдан бери Кипрде жашап келген. Ал бүгүн Кыргызстанга кирери менен УКМК кызматкерлери кармап кетишти.

УКМК Жапаров “барымтага алуу”, “ээнбаштык”, “бийликтин өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү” жана “адамды өлтүрөм деп коркутуу” беренелери боюнча козголгон кылмыш иши боюнча кармалганын билдирди.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он үч − эки =