2010-жылдагы мародёрчулук фактылары боюнча эми УКМК иш алып барат

Каганат.

2010-жылдагы мародёрчулук фактылары боюнча кылмыш ишинин материалдары ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынан УКМКга өткөрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Өлкөнүн башкы көзөмөл органынын маалыматтына таянсак, 2010-жылдагы мародёрчулук фактылары боюнча кылмыш ишинин материалдары 2017-жылдын 14-мартында  УКМКга өткөрүлгөн. Учурда УКМК күнөөлүүлөрдү аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүп жатат.

Башкы прокуратура 2012-жылы 22-августта: “Каракчылык”,”Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды уурдоо же опузалап талап кылуу”, “Кымбат баалуу металлдарды, табигый асыл таштарды мыйзамсыз жүгүртүү”, “Автоунааны же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу”, беренелеринин негизинде аталган кылмыш ишин козгогон. Ал эми тергөөнү ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы жүргүзгөн.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

бир × үч =