Тарых тактасында: Тоолуктардын ден соолугуна кам көргөн изилдөөчү – Мирсаид Миррахимов

0

Каганат.

Өмүр жолу

Улуттук кардиология борборунун негиздөөчүсү, медицина илимдеринин доктору, академик Мирсаид Миррахимов 1927-жылы 27-мартта Бишкек шаарында музыканттын үй-бүлөсүндө туулган. Мирсаид Миррахимовдун атасы Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Мирхамид Миррахимов филармонияны алгачкы директору болгон.

1948-жылы Кыргыз мамлекеттик мединститутун бүтүрүп, 1952-жылы клиникалык ординатураны аяктагандан кийин эмгек жолун медицина институтунун факультеттик терапия кафедрасында ассистент болуп иштеп баштаган.

Анын ишмердиги 1977-жылдан башталып, кардиология тармагында түптөлгөн.

2007-жылга чейин кардиология жана терапия Улуттук борборунун директору болуп эмгектенген.

Илимдин артынан түшкөн дарыгер кандидаттыгын 25 жашында (1952-жылы), докторлукту 38 жашында жактап, бир жылдан кийин (1966-жылы) профессор болгон.

Республикада биринчи жолу тоолуу жердеги адамдын физиологиясын кеңири изилдөө багытында иштерин жүргүзүп, ошол изилдөөлөрдүн негизинде “Орто Азиядагы бийик тоолордо климатташтыруу” деген темада, Ленинграддагы И. П. Павлов атындагы физиология илимий-изилдөө институтунан докторлугун жактаган.

Ал гана эмес Мирхамид Миррахимовдун  демилгеси менен  СССРдин ичинен Кыргызстанда биринчи болуп, 1965-жылы  бийик тоолуу аймакта оорукана ачылган. Бул бейтапкана бийик тоолуу климаттын ден соолукка тийгизген таасири боюнча изилдөө иштерин жүргүзүп, аллергия, анемия өңдүү бир топ илдеттери менен жабыркаган адамдарды дарылаган. Эң кызыгы оорукана деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктик Төө-Ашууда жайгашып, 30 орунга ылайыкташып, бүгүнкү күндө да иштеп келет.

1969-жылы СССРдин медицина илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, 1974-жылы Кыргыз Республикасынын ИАнын анык мүчөсү, 1988-жылы СССРдин медицина илимдер академиясынын анык мүчөсү, 1996-жылы Нью-Йорктогу ИАнын мүчөсү болгон.

Окумуштуу медицинанын кайсы гана тармагында болбосун, алсак, гематология, пульмонология, ревматология, неврология, гастроэнтерология, иммунология тармактарында талыкпастан иштеген.

700гө жакын илимий эмгектери, анын ичинен 23 монографиясы, 500гө жакын илимий макалалары жарык көргөн жана 19 ойлоп табуунун автору. Негизги илимий эмгектери бийик тоолуу шартта адам организминин физиологиясына жана патологиясына арналган. Бийик тоо гипоксиясына адамдын фазалык түрдө көнүгөрүн аныктаган. Ал бийик тоо кардиологиясына негиз салуучулардын бири.

Академик республиканын саламаттыкты сактоосу үчүн кадрларды даярдоо ишине чоң салып кошуп, 100гө жакын илимдин докторлору жана кандидаттары диссертацияларын жактаган. Эң кызыктуусу  Мирсаид Миррахимов 1971-жылы кеңири мүнөздөмө берип жазып чыккан, бийик тоодогу өпкө гипертония оорусу,  эл арасында “Мирахимовдун оорусу” деп аталып калган.

Сыйлыктары

Мирсаид Миррахимов Кыргыз Улуттук илимдер, Орусия медициналык илимдер жана Нью-Йорк академияларынын академиги.

Кыргыз Республикасына эмгек синирген дарыгер, илим жана техниканын эмгек сиңирген ишмери, илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын ээси, СССР саламаттык сактоонун отличниги, КРнын билим берүүдөгү отличниги жана Социалисттик Эмгектин Баатыры. Анын ысымы Эл аралык Ардак китептерине кирген.

Мирсаид Миррахимов эки “Ардак Белгиси”, эки Ленин, Октябрь революциясы, Элдердин достугу, III-даражадагы Манас ордендери жана көптөгөн медалдар менен сыйланган.

СССР окумуштуулары Ысык-Көлдө советтик космонавттарга изилдөө иштерин жүргүзгөн. Анда аларды ачык космоско чыгууга даярдоо, кайра учуп келгендерди реабилитациялоо иштерине Миррахимов да катышкан.

Алтымыш жылдай бейтаптарды дарылап, изилдөө иштерин байма-бай өткөргөн окумуштуунун жазган китептери азыркыга чейин жаш окумуштуулар тарабынан колдонулууда. Өзү түзгөн, өзү жетектеген кардиология илим-изилдөө институту учурдагы заманбап жабдуулар менен жабдылган окуу-илимий практикалык комплекске айланды.

Дарыгер жана улуу окумуштуунун айкели Улуттук кардиология жана терапия борборунун алдына орнотулган.

Үй-бүлөсү

Жубайы Неля Ярулловна Юсупова. Назира, Элмира аттуу кыздары жана Эркин аттуу уулу бар.

Жубайы Неля Юсупова Миррахимовдун студенти болгонун айтып, алар көп жылдар бою дос болушуп, Неля апа окуусун бүткөндө 1955-жылы үйлөнүшкөнүн айткан.

Ошондой эле Неля апа жолдошу өтө мээримдүү ата болгонун, балдарын жана неберелерин эч качан урушпаганын айтып, Миррахимовду төмөнкүчө эскерген:

“Ал балдарга жана неберелерине эч качан үнүн бийик чыгарчу эмес, жада калса кол да көтөргөн эмес. Аларга дайыма китеп окуп берип, алар менен бирге лыжа, коньки тепчү. Жайкысын болсо Ысык-Көлгө барып волейбол, бадминтон, шахмат ойношчу.

Бош убактысы боло калса эле балдар менен, кийин неберелери менен шахматта күч сынашчу. Ал жумушун аябай жакшы көргөн. Үйдө отуруп деле макала жазып, лекцияларга даярданып, окуучуларынын диссертацияларын текшерип отурчу. Музыка укканды анан үйдө майрам уюштурганды, ага керектүү азык-түлүктөрдү сатып алганды өтө жакшы көрчү”.

Ошондой эле Неля Ярулловна Мирсаид Миррахимов чарбачыл инсан болгонунун да баса белгилеген.

“Ал үтүк, муздаткыч сыяктуу техникалар бузулуп калса бат эле оңдоп койчу. Бөлмөдөгү эмеректерди жылдырганды сүйчү эле. Дачаны өзү карап, керектүү нерселерди: мыктарды, буроолорду дайым өзү сатып алып, өлчөмүнө жараша бөлүп, атайын жазуусу бар банкаларга салып койчу. 27-мартта дайыма туулган күнүн белгилечүбүз. Дасторкон жайып балдарыбыз, неберелерибиз ырдашып, пианинодо ойношуп куттукташчу”,-деген ал.

Кыргыздын чыгаан дарыгер уулу 2-октябрь 2008-жыл  82 жаш курагында жарык дүйнө менен кош айтышкан. Мирсаид Миррахимов көзү тирүү болгондо бүгүн 90 жашка чыкмак…

Булак: Каганат.

 

Бөлүшүү:

Пикир

17 − он төрт =