Бүгүн Бишкекте борбордук көчөлөрдөгү кыймылга чектөө киргизилет

Каганат.

Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей бүгүн, 28-мартта Бишкекте өтүүчү Кыргызстан менен Макао командаларынын ортосундагы футболдук беттешке байланыштуу айрым борбордук көчөлөрдөгү кыймылга чектөө киргизилет.  

Маалым болгондой, 17.00дөн 22.00гө чейин Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү толук жабылат. Кожомкул атындагы спорт сарайынын жана Д.Өмүрзаков атындагы стадиондун кире беришине унааларды токтотууга тыюу салынат.

  Футболдук мелдеш учурунда коомдук тартипти 2 миң 600 милиция кызматкери камсыздайт.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

13 + он сегиз =