Саясатсыз бир шиңгил: “4 аял эркектин жашоосунда ыйык болот”

Каганат.

Саясаттан тажап жатасызбы? Көңүл көтөргөн, жан дүйнө байыткан кабарга суусадыңызбы? Анда биздин “Саясатсыз бир шиңгил” рубрикабыздын алкагында саясатчылар макалдарды жана ыр саптарын кантип чечмелегенине көңүлүңүздү бурабыз.

Жедигер Саалаев, Конституциялык палатанын соту: “Чач деген келжирей берет”

-Аялың жакшы болсо жакаң агарат, жаман болсочу?

– “Аялың жакшы болсо жакаң агарат, жаман болсо чачың агарат” деген лакап сөздү бүтүндөй кыргыз журту жакшы билет.

Бирок чачы агаргандардын бардыгынын эле аялы начар экен деп ойлогондор терең жаңылышат. Тилектеш Ишемкулович айткандай “чач деген келжирей берет”.

 

Өмүрбек Бакиров, ЖКнын V чакырылышынын депутаты:  “Буга эркектер  акыретте  жооп  беребиз”

-Байдылда акын аялдарды “Бала эле төрөп бербесе, балталап салчу калк экен” дептир. Кошуласызбы?

-Бул сөздөргө кошула  албайм. Жигит  киши  үчүн 4  аял  ыйык  болот: биринчиси ушул  жашоого  алып  келип чоңойтуп, эрезеге жеткирген апалар.

Экинчиси сени сүйгөн  жана сен  сүйгөн, өмүрүн арнап комкордук кылган, сага аманат болгон, жубайың болот.

Үчүнчүсү  сенин  сүйүктүү кызың.  

Төртүнчүсү сенин намысың болгон карындашың. Ошондуктан аялдарды балталап салчу калк экен деген туура эмес.

Өкүнүчтүүсү бүгүн айрым эркектер апаларын сыйлабайт, аялдарын көчөгө  чыгарып  коюп, өздөрү үйдө чалкалап жатышат. Канчалаган кыздарыбыз, карындаштарыбыз денесин  сатып  жүрүшөт. Мына ушунун  баарына  эркектер  акыретте  жооп  беребиз.

Камила Талиева, экс-вице-премьер-министр: “Бойго жеткен кызга тыюу да күч болгон”

-Эмнеге кыздуу айылдын ити уктабайт?

-Кыргыздын макал-лакаптарынын философиясы өтө терең. Турмуштук тажрыйбанын элегинен өтүп, иргелген ой чабыттар туюму. Алмустактан бери, Кыргыз эли кыз баланы аздектеп, аларды коруп, бойго жеткен кызга тыюу да күч болгон.

Бойго жеткен кызга жигиттер көз артып, жолугууга, сүйлөшүүгө келүүнү самашат эмеспи. Кыздын жакындары көзөмөл катуу болсун үчүн түнкүсүн иттерин агытып коюп, иттер үрүп бүтүндөй бир үйдү кайтарып чыгат эмеспи. Ошондон улам, ушундай кеп айтылып калса керек.

 

Төрөбай Зулпукаров, ЖКнын депутаты: “Чынында думаналар руханий байлык ээ адамдар болгон”

-“Думанадан айбашы үмүт кылат” деп айтылып келет.

-Илгери думананы баары колдо жок, кедей киши катары билишчи. Чынында думаналар руханий байлык ээ адамдар болгон. Алар  дайыма акыйкатка чакырып, асыл ойлорун, билимин элге ооз эки таркаткан кишилер болгон.

Думананы тамагына, кажеттерине эл жардам берген. Кечинде чоочун адамдардын эле үйүндө түнөп кала беришкен. Айылдарды ушинтип кыдырып жүрүшкөн. Кээ бир колунда жок адамдар думана үйгө киргенде анда нан же жегенге тамак-аш болот деп үмүттөнүп да, калган учурлар болсо керек. Ошондой учурлардан кийин “Думанадан айбашы үмүт кылат” деген сөз калса керек деп ойлойм.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

14 − 12 =