Чубак ажы Жалилов: “Падышага осуят”

Каганат.

Урматтуу окурман, KAGANAT.KG  сайтына келип түшкөн көпчүлүктүн суроолору боюнча “Эл эмне дейт” рубрикабыздын алкагында  Чубак ажы Жалиловдун “Падышага осуят” аттуу баянын сунуштайбыз. Сиздерден келип түшкөн ар бир кайрылуулар жана сунуш-пикирлер биз үчүн зор мааниге ээ.

Чексиз мээримдүүнүн ысмы менен…

Өлкөбүздөгү чоңдордун оошуп туруусу кадимки эле көрүнүш. Аны коомубуздун өсүп-өнүгүүсү үчүн болгон аракет катары баалап, ар бирибиз аларга колдон келген жардамыбызды берүүгө кымбат мекенибиздин алдында милдеткер, Жаратканыбыз астында жоопкербиз…

Андыктан, айтарым: жоопкер адамдын, жетекчинин, өкүмдүн мойнуна төрт маселе жүктөлөт:

Алгачкысы: Баарына жарык жеткирүүдө Күндөн үлгү алуу. Кол астындагыларга тегиз кароо, адамдарды алакчылабастан баарына бирдей болуп, адилеттүүлүктү туу тутунуу. Улук Кудай ыйык китебинде: «…ортоңордогу пикир келишпестик, адилеттүү болуудан тоспосун! Адилеттүү болгула! Мына бул нерсе такыбалыкка жакындыр. Кудай Таалам ар бир кылган-эткениңерден кабардар». (Мааида:8), «…Адилеттүү болгула! Напсиңерди ээрчип кетпегиле!» (Нисаа:135), «…адамдарга адилеттүүлүк менен өкүм жүргүз!…» (Соод:20), деп буйрук берет.

Экинчиси: Баарына жылуулук жеткирүүдө Күндөн үлгү алуу. Өкүмияттын башындагы өкүмдардын жалпы адамзаттын кызыкчылыгы үчүн башын саюусу. Диний, социалдык, экономикалык жана коопсуздук маселелериндеги жарандардын жалпы кызыкчылыгын коргоо, жумушсуздукту жоюу. Ар бир пендеге камкордук жылуулугун жеткирүү. Азирети Умар ислам өлкөсүн жетектеп турган учурда, кайырдин (мусулман эмес) абышканын кайыр сурап олтурганын көрөт. Анын муктаждыктан улам сурап олтурганын билип, ага мамлекет тарабынан өмүрүнүн акырына чейин жөлөкпул ажыратат да, мындай дейт: «Сен жаштык курагыңда өлкө үчүн жардамыңды бергенсиң, улгайган кезинде сени кор кылбайбыз!»

Үчүнчүсү: Пара алууну, эсептешип иш жүргүзүүнү, ортомчулук кылууну адамдар ааламынан кетирүүгө себеп боло турган жакшы жардамчыларды, кесипкөй-ыкластууларды, ак дилдерди жанына алуу. Пайгамбарыбыз алайхис салам мындай дейт: «Силердин кимиңер бийликке келсе, Кудай Таалам ага жакшылык каалаган болсо, изги вазир берет. Унутса эстетип, эстеген болсо жардамын берет». Жеңилин жерден, оорун колдон алат. Азирети Умар жер жерге өкүлдөрүн жөнөтөрдө осуяттап минтер эле: «…адамдардын укуктарын тебелеп-жоготпогула! Силерге фитна болушат». Көтөрүлүш чыгарып революционер болуп кетет дегени го, кайран кишинин.

Акыркысы: Жарандарга жакшылыктуу үлгү болуу. Өкүмдар – аким кайда кетсе, эл да анын жолоюна түшөт. Баягы Аскар Акаевдин тушунда баарыбыз эле илим изилдеп тарап кеткенбиз ар тарапка. Менин тагдырым да ошол убакта Меккедеги окууга байланган экен көрсө. А киши окумуштуу эмес беле… Азирети Абу Бакр азирети Умарга калпалыгын тапшырып жатып мындай дейт: «Билгин! Сен Кудай Тааламдан коркондо гана адамдар сенден коркуп, айбатыңды билип, урматыңды жайына коёт.»

Жыйынтыгында: Биз жаралган дүйнө жалган дүйнө. Ак дүйнөнүн астанасы. Акыреттин эгин талаасы. Көз ачып-жумгуча өтөт да кетет. Түбөлүктүүдөй болбой бир азыраак ийилсек, бир азга көз сүзө, кылган ишибиздин оң-тууралыгына баам салсак. Канткен менен Жаратканыбыз Куранда: «Силерди жөн эле эч максатсыз жаратып койду деп ойлойсуңарбы?!… Менин алдыма кайтып келериңерди билбейсиңерби?!…» – дейт эмеспи. Айды этек менен жаап коём деп канчалык оолукпайлык, Кудайымдын алдына барарыбыз айныгыс чындык.

Жаратканым элибизге кетпес дөөлөт, кең пейилдүүлүк бер. Акыйкаттан ажыратпа, ыйманыбызды кубаттуу кыл. Жаманга жалдыратпа. Ооматыбызды оодарба. Кор кылба, кар кылба, өзүңдөн башкага зар кылба. Оомийин.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

1 комментарий

  1. Таалайбек уулу Нурсултан 5 September, 2017 at 21:46 Жооп берүү

    Чубак ажы устазыбыздан алла ыраазы болсун устазыбызды бүтүндөй кыргыз эли маалымат булактарынан көрөт,угат ошондуктан пр-шайлоодо кимди колдошубузду ачык айтып койсо дакшы болмок себеби жалпы эл кимдин кандай экенин билишпейт устаз айтса көбү устаз айткан талапкерди шайламак мен талапкерлерди анализдеп Улукбек Кочкоровка тактолдум. Ананда кийинки президенттик шайлоого устазыбыз шакирттеринен даярдап чыгарса жакшы болоор эле дагы алты жыл бар менимче жетиштүү убакыт биз жаштар узтаз эмне десе угабыз жн даярбыз

Пикир

үч × үч =